2025-жылдын 11-мартында Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары Санжар Болотов #КРЭКМге караштуу Туризм департаментинин жамаатына жаңы жетекчиси - Эрденет Касымовду тааныштырды. Касымов Эрденет Жыргалбековичтин өмүр баяны: Касымов Эрденет Жыргалбекович 1993-жылдын 21-октябрында туулган. 2015-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит адистиги боюнча бакалавр даражасын алган.
Эмгек ишмердүүлүгү:
• 2011-2013-жылдар аралыгында Бишкектеги А.Токтоналиев атындагы Финансы-экономикалык техникумда студенттер кеңешинин координатору.
• 2014-жылдын январь айынан апрель айына чейин Кыргыз Республикасынын Финансы рыногунун көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматында страхование жана пенсиондук фонддорду өнүктүрүү бөлүмүндө стажер.
• 2015-жылдын сентябрь айынан 2016-жылдын апрель айына чейин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Мамлекеттик инвестициялар жана техникалык жардам башкармалыгында стажер.
• 2016-жылдын апрель айынан 2019-жылдын октябрь айына чейин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде Мамлекеттик инвестициялар программасынын бөлүмүнүн адиси, ошондой эле Эл аралык кызматташтык башкармалыгынын эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтык бөлүмүндө адис.
• 2019-жылдын ноябрь айынан 2022-жылдын сентябрь айына чейин Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун жогорку эксперти.
• 2022-жылдын октябрь айынан декабрь айына чейин Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министирлигинин алдындагы Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунда МЖӨ долбоорлорун даярдоо бөлүмүнүн башчысы кызматын убактылуу аткаруучусу.
• 2023-жылдын январь айынан баштап Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрлигинин алдындагы Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун МЖӨ долбоорлорун илгерилетүү жана аткаруу бөлүмүнүн жогорку эксперти.