Бүгүн #КРЭКМ министр Бакыт Сыдыков Кытайдын чек аралык соода боюнча сервистик платформасынын өкүлдөрү менен жолукту.
Бул платформа учурда дүйнөнүн 25 өлкөсүндө иштеп, чийки зат соодасы жана транзакциялары боюнча маалыматтарды онлайн иштетүүнүн инновациялык ыкмасын сунуштайт. Ал импорттук-экспорттук каналдар менен интеграцияланган жана эл аралык соода үчүн «бирдиктүү терезе» форматында иштеген 74 санариптик системаны камтыйт, бул ишканаларга жана мамлекеттик органдарга кеңири кызматтарды көрсөтүүгө мүмкүндүк берет.
Жолугушуу учурунда платформаны Кыргыз Республикасынын соода процесстерине ылайыкташтыруу маселеси талкууланды. Мындай чечимдерди ишке ашыруу жергиликтүү ишкерлер үчүн экспорттук-импорттук операцияларды бир топ жеңилдетет. Ошондой эле соода жараяндарын санариптештирүү, бүтүмдөрдүн ачыктыгын камсыз кылуу жана кыргыз продукциясынын эл аралык рынокто атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу маселелери көтөрүлдү.
Министр Бакыт Сыдыков соода тармагына заманбап технологияларды киргизүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, кытайлык өнөктөштөр менен кызматташууга даяр экенин билдирди. Өз кезегинде, платформанын өкүлдөрү башка өлкөлөрдө ийгиликтүү ишке ашкан тажрыйбасы менен бөлүшүп, кыргыз тарап менен конструктивдүү диалог жүргүзүүгө даяр экенин билдиришти.
Ошондой эле кытайлык өкүлдөр заманбап соода-логистикалык борборун куруу демилгесин көтөрүштү. Бул борбор экспорттук-импорттук операцияларды жеңилдетип гана тим болбостон, экологиялык таза технологияларды, анын ичинде энергия менен камсыздоо үчүн күн панелдерин колдонууну көздөйт.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташтыкты өнүктүрүүнүн мүмкүн болгон форматтарын андан ары талкуулоону жана платформаны Кыргызстандын экономикасына интеграциялоо боюнча конкреттүү кадамдарды иштеп чыгууну макулдашты. Мындан тышкары, чек аралык соода тармагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселеси да каралды.