2025-жылдын январь-февраль айына карата Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги көрсөткүчтөрү боюнча кыскача экспресс маалымат

Новости
12-Март 2025-ж.
546

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин алдын ала эсептөөлөрү боюнча 2025-жылдын январь-февраль айларында ички дүң продукциянын көлөмү (мындан ары - ИДП) 205,5 млрд сомду жана реалдуу өсүү темпи 110,7 %ды (2024-ж. январь-февраль айларында– 111,6 %) түздү. 

Экономиканын тармактары боюнча көрсөткүчтөр төмөндөгүдөй болду: өнөр жайда өндүрүштүн көлөмү 14,6 %га, тейлөө чөйрөсүндө – 10,1 %га, курулушта – 8,8 %га, айыл чарбасында – 2,1 %га өстү. 

Экономикада пайда болгон тенденциялардын эсебинен номиналдык ИДПнын түзүмүндө товарларды чыгаруучу тармактардын үлүшү 29,2 %ды, кызмат көрсөтүүчү тармактардын үлүшү 51,8 %ды түздү.

Өнөр жай. 2025-жылдын январь-февраль айларында өнөр жай ишканалары тарабынан 104,7 млрд сом суммасында дүң продукция өндүрүлгөн. Өндүрүштүн көлөмү 2024-жылдын январь-февралына салыштырмалуу 14,7 %га көбөйдү (2024 - жылдын январь-февралында өсүш 13,1 %ды түзгөн).

Өнөр жай өндүрүшүнүн 2024-жылдын январь-февралына  салыштырмалуу өсүшү тазаланган мунайзат продуктуларынын (2,3 эсеге), тамак-аш азыктарын (суусундуктарды кошкондо) жана тамеки азыктарын өндүрүүнүн (1,6 эсеге), фармацевтикалык продукциялардын (41,8 %га), резина, пластмасса буюмдарын жана курулуш материалдарын өндүрүүнүн (24,6 %га), жыгачтан жана кагаздан жасалган буюмдарды өндүрүүдө, полиграфиялык ишмердүүлүк продукцияларынын (21,4 пайызга), негизги металлдарды өндүрүү (3,2 %га), ошондой эле текстиль өндүрүшүнүн жана кийим-кече өндүрүүнүн көлөмүнүн (1,7 %га) көбөйүшү  менен камсыздалды. 

Муну менен бирге, пайдалуу кендерди казуунун көлөмүнүн (3,1 %га) төмөндөшү белгиленди.   

Электр энергия, газ жана буу менен камсыз кылуунун көлөмүнүн 19,6 %га жогорулашы электр энергияны өндүрүү, берүү жана бөлүштүрүүнүн 14,8 %га өсүшү менен камсыздалды.

Суу менен жабдуу, тазалоо, калдыктарды иштетүү жана кайра пайдалануучу чийки заттарды алуунун көлөмүнүн 22,2% га көбөйүшү негизинен  сууну чогултуу, иштетүү жана бөлүштүрүүнүн 29,1 %га өсүшү  менен камсыздалды.

Өнөр жай өндүрүшүнөн ИДПны түзүүгө салым 2,79 пайыздык пунктту түздү. ИДП өндүрүшүнүн түзүмүндө өнөр жайдын үлүшү 22,2 %ды түздү.

Айыл чарба. 2025-жылдын январь-февраль айларында айыл чарбасынын дүң продукциясы 26,1 млрд сомду түздү. 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу реалдуу өсүү темпи 102,1% ды түздү. 2024-жылдын январь-февраль айларына салыштырмалуу айыл чарба продукциясынын дүң өндүрүшүнүн өсүшү негизинен мал чарба продукциясын өндүрүүнү 2,1% га жогорулашы менен жумуртканы өндүрүүнүн 5,2 %га, сүттү - 1,0 %га жана этти - 2,5 %га  өсүшүнүн эсебинен камсыз кылынды.

Учурда жазгы-талаа иштери активдүү жүрүүдө. Бүгүнкү күндө республикадагы үрөн чарбалары жана чарба жүргүзүүчү субъекттер тарабынан 64,6 миң тонна керектелүүчү дан эгиндеринин үрөнүнүн 58,5 миң тоннасы камдалды, бул керектөөнүн 90,5 % түзөт. Анын ичинен 20,5 миң тонна керектелүүчү жаздык буудайдын үрөнүнүн 18,4 миң тоннасы камдалып, керектөөнүн 89,5 %ын камсыздады. Жаздык арпанын үрөнү 43,9 миң тоннага болгон керектөөнүн 40,0 миң тоннасы камдалып, керектөөнүн 91,0 %ын түздү. Мындан тышкары сулу, гречка, күрүч, соя жана тамекинин үрөндөрү менен камсыздоо 100%ды түздү. Жүгөрү – 93,8 %га, күн карама – 99,0 %га, дан буурчак – 99,9 %га, сафлор – 97,9 %га , пахта – 85,5 %га, картошка – 95,5 %га, беде – 46,2 %га, эспарцет – 56,9 %га жана  кант кызылчасынын үрөнү 55,7 %га камсыздалды. Республика боюнча үрөн чарбалары жана чарба жүргүзүүчү субъекттер тарабынан камдалган дан эгиндеринин үрөндөрүн кондицияга жеткирүү максатында текшерүү иштери башталды. Республика боюнча 19,7 миң тонна жаздык кылкандуу дан өсүмдүктөрүнүн үрөнү, анын ичинен 6,9 миң тонна жаздык буудай жана 12,7 миң тонна жаздык арпанын үрөнү текшерилди. Текшерилген дан эгиндеринин үрөндөрүнүн ичинен 19,0 миң тоннасы же 32,5 %ы кондицияга жеткирилди, анын ичинде 6,7 миң тонна (36,5 %) жаздык буудай жана 12,3 миң тонна (30,77 %) жаздык арпа.

2025-жылдын сугат мезгилине даярдык көрүү максатында 500,0 км узундуктагы чарбалар аралык сугат каналдарын оңдоо жана механикалык тазалоо иштерин жүргүзүү, 755 гидротехникалык курулуштарды, 200 гидрометеорологиялык постту, 91 насос станцияларын, 156 насостук агрегаттарды оңдоо, 40 насос агрегатын кайра калыбына келтирип жаңыртуу жана 272 км коллектордук-дренаждык тармакты тазалоо иштери пландалууда. 2025-жылдын сугат мезгилине даярдык көрүү боюнча план-графигине ылайык, мамлекеттик суу чарба объектилерин оңдоо жана механикалык тазалоо иштери Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында 2025-жылдын 10-апрелине чейин, Чүй жана Талас облустарында 2025-жылдын 1-майына чейин, Ысык-Көл жана Нарын облустарында 10-майына чейин бүткөрүлөт.

Айыл чарба өндүрүшүнөн ИДПны түзүүгө салым 0,1 пайыздык пунктту түзгөн. ИДПнын түзүмүндө айыл чарбасынын үлүшү 4,2% түздү.

Курулуш. 2025-жылдын январь-февралынын жыйынтыгы боюнча каржылоонун бардык булактарынан негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 15,2 млрд сомду түзүп, 13,4%га өстү (2024-жылдын январь-февралында 52,5 %га өскөн) 

2024-жылдын январь-февралына салыштырмалуу негизги капиталга инвестициялардын көлөмүнүн өсүшү каржылоонун ички булактарынын 1,3 эсеге көбөйүшү менен камсыз кылынды, ошол эле убакта тышкы булактардын көлөмү, тескерисинче, 1,9 эсеге кыскарды.

2025-жылдын январь-февралында инвестициялардын негизги көлөмү (инвестициялардын жалпы көлөмүнүн 90,5 %ы) пайдалуу кендерди казуу, маалымат жана байланыш, электр энергия, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоо (жабдуу), иштетүү өндүрүшү, билим берүү объекттеринин курулушуна, ошондой эле турак жай курулушуна багытталды.

Экономиканы капиталдаштыруунун көлөмүнүн негизинде 2025-жылдын январь-февралында курулуштун дүң продукциясынын жалпы көлөмү 13,5 млрд сомду түзүп, 8,8 %га өстү (2024-жылдын январь-февралында 37,1 %га өскөн). 

Курулуш секторунан ИДПга оң салым 0,26 пайыздык пунктка бааланат. ИДП өндүрүшүнүн түзүмүндө курулуштун үлүшү 2,9 %ды түздү.

Кызмат көрсөтүү чөйрөсү. 2025-жылдын январь-февраль айларында кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн дүң продукциясынын көлөмү 162,0 млрд сомду түздү жана 2024-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 10,8 % га көбөйдү.

Кызмат көрсөтүүчү экономика тармактарынын түзүмүндө эң көп үлүштү дүң жана чекене соода – 28,7 %, транспорттук иш жана жүктөрдү сактоо кызмат көрсөтүүлөрү – 10,6% жана финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу кызмат көрсөтүүлөрү – 9,7% ээлейт.

Дүң жана чекене сооданын, автомобилдерди жана мотоциклдерди оңдоонун көлөмү 2025-жылдын январь-февраль айларында 46,5 млрд сомду түзүп, өсүү темпи 123,2% түздү. Дүң жана чекене сооданын, автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоонун жүгүртүүлөрүнүн 2024-жылдын январь-февралына салыштырмалуу өсүшү дүң (9,5 %га) жана чекене сооданын (25,9 %га) көлөмүнүн өсүшү менен камсыздалды.

2025-жылдын январь-февраль айларында транспорттук ишмердиктин кызмат көрсөтүүлөрүнүн жана жүктөрдү сактоонун көлөмү 17,2 млрд сом суммасында түзүлдү жана 8,1% га көбөйдү. Транспорттун бардык түрлөрү менен 2024-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 11,6% га көп ар кандай жүктөрдү, 8,5 миллион тонна ташылган. Ошондой эле республиканын жүк ташуучулары тарабынан 110 миллион жүргүнчү ташылды, бул 2024-жылдын тийиштүү мезгилине караганда 18,8 % га көп.

Мейманканалар жана ресторандар тарабынан көрсөтүлгөн кызматтардын көлөмү 2025-жылдын январь-февраль айларында 7,7 млрд сомду түздү жана 2024-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 36,9% га өстү.  

Отчеттук мезгилде маалымат жана байланыш кызмат көрсөтүүлөрүнүн дүң көлөмү 9,4 млрд сомду түзүп, өсүү темпи 105,2 % түздү. Байланыш кызматынын өсүшү 5,3 % ды түздү.

Кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн ИДПнын өсүүсүнө болгон салымы 5,44 пайыздык пункттун деңгээлинде бааланат, ал эми ИДПны өндүрүү түзүмүндөгү салыштырма салмагы 51,8 %ды түздү.

Керектөө бааларынын индекси 101,6%ды түздү (2025-жылдын февраль-январь айы өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу), 2024-жылы ушул эле көрсөткүч 106,9 %ды түзгөн. Инфляциянын орточо жылдык деңгээли (2025-жылдын январь-февралы 2024-жылдын январь-февралына 106,9 %ды түздү, 2024-жылы ушул эле көрсөткүч 111,1%ды түзгөн.

2025-жылдын биринчи эки айынын жыйынтыгы боюнча баалардын жалпы деңгээлинин калыптандыруучу динамикасы айрым факторлор менен шартталган, алардын ичинде айрым азык-түлүк товарларына дүйнөлүк баалардын өсүшү, айыл чарба рыногундагы сезондук өзгөрүүлөр (жемиштер жана жашылчалар). 

2025-жылдын январь-февраль айларынын жыйынтыктары боюнча баалардын жалпы деңгээлине тамак-аш азыктары жана алкоголсуз суусундуктар олуттуу таасирин тийгизди, алардын наркы 3,2% га жогорулады. Ошол эле учурда алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге болгон баалар 1,7%га, ал эми калкка көрсөтүлүүчү кызматтарга тарифтер - 0,8% га жогорулаган. Тескерисинче, азык-түлүк эмес товарларга болгон баалар төмөндөгөнүн көрсөттү (-0,6 %).

Баанын ири өсүшү 37,5% га жогорулаган картошка, жазылган. Бул өсүштүн негизги фактору экспорттолуп жаткан Казакстандагы жашылчалардын кымбатташы, ошондой эле Өзбекстанга аны жеткирүүнүн көбөйүшү болду. Ошондой эле жылкынын этин (5,4%), уй этин (4,1 %) жана кой этин (3,8%) кошкондо жаңы этке, ошондой эле жаңы балыкка (3,6%), куюлган сүткө (2,2 %) жана мал майына (1,9%) баалардын өсүшү байкалды, бул эт жана сүт азыктарына суроо-талаптын өсүшү менен байланыштуу. Муну менен катар кантка (1,6%га), тоок жумурткасына (1,4%га), унга (0,7%га) жана күрүчкө (0,3% га) баалардын төмөндөшү катталды.

Үстүбүздөгү жылдын январь-февралында (мурунку жылдын декабрына салыштырмалуу) республиканын бардык региондорунда керектөө бааларынын жана тарифтеринин жогорулашы байкалды. Мында баалардын максималдуу өсүшү (2,8 %га) Ош облусунда азык-түлүк эмес товарлардын бааларынын (0,5 %га) жогорулашына байланыштуу катталды. Тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга (4,9 %га), ошондой эле алкоголдук ичимдиктердин жана тамеки азыктарынын (6,2 %га) максималдуу өсүшү Ош шаарында, ал эми, калкка көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери (2,2 %га) Ысык-Көл облусунда катталды.

Эмгек акы. Бир кызматкердин (чакан ишканаларды кошпогондо) орточо айлык номиналдык эмгек акысы 2025-жылдын январь айында 39 342 сомду түзүп, 2024-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 16,9 %га, ал эми реалдуу эмгек акынын өлчөмү керектөө бааларынын индексин эске алуу менен – 9,6 %га өстү. 

2025-жылдын январында номиналдык эсептелген орточо айлык эмгек акынын өсүү темпинин жогорулашы 2024-жылдын январына салыштырмалуу экономикалык ишмердиктин бардык түрдөгү ишканаларында жана уюмдарында байкалды.

Алардын эң олуттуу жогорулашы курулуш (39,6 %га), маалымат жана байланыш (39,0 %га), кыймылсыз мүлк операциялары (30,2 %га), административдик жана көмөкчү ишмердик (27,9 %га), мейманканалардын жана ресторандардын ишмердиги (27,2 %га), финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу (24,7 %га), саламаттыкты сактоо жана калкты социалдык жактан тейлөө (23,5 %га) чөйрөлөрүндө, ошондой эле пайдалуу кендерди казууда (22,7 %га) байкалды.

Тышкы жана өз ара соода. 2025-жылдын январь айында Кыргыз Республикасынын тышкы соода жүгүртүүсүнүн көлөмү 983,8 млн АКШ долларын түзүп, өткөн жылдын январь айына салыштырмалуу 17,8% га төмөндөдү. Мында, соода жүгүртүүнүн түзүмүндө экспорттун үлүшү 14,5%ды, импорттуку – 85,5%ды түздү.

Кыргыз Республикасынын экспорттук берүүлөрү 2024-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 24,7% га кыскарып, 142,2 млн АКШ долларын түздү.

Ал эми Кыргыз Республикасына импорттолуучу товарлардын көлөмү 841,6 млн АКШ долларын түздү жана 2024-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 16,5% га төмөндөдү. Импорттун мындай төмөндөшүнүн негизги фактору болуп үчүнчү өлкөлөр менен сооданын кыскарышы, анын ичинде жер үстүндөгү транспорттун импортунун кыскарышы (жеңил автомобилдердин импортунун кыскарышы) саналат.

Кыргыз Республикасынын ЕАЭБ өлкөлөрү менен өз ара соодасынын көлөмү 2025-жылдын январында 306,1 млн. АКШ долларын түздү жана 2024-жылдын январына салыштырмалуу 0,8% га төмөндөдү. Бул мезгилде Республиканын өз ара соодасынын эң чоң үлүшү Россияга (65,0 %) жана Казакстанга (33,1 %) туура келди.

Үчүнчү өлкөлөр менен (ЕАЭБден тышкары) тышкы сооданын көлөмү 67,7 млн. АКШ долларын түзүп, 2024-жылдын январына салыштырмалуу 23,8% га төмөндөдү.

Онлайн кайрылуу