Ишкер аялдардын жарманкеси: улуттук өндүрүштү жана аялдардын ишкердигин колдоо

Новости
11-Март 2025-ж.
445

Эл аралык аялдар күнүнө арналган «Доорду өзгөрткөн аялдар – 100 жыл» Улуттук форумдун алкагында #КРЭКМ, Бишкек шаарынын мэриясы жана “Биздин айымдар” коомдук бирикмеси менен биргеликте, Жаштар аллеясында ишкер аялдардын жарманкесин уюштурду.
 
Экономика жана коммерция министринин орун басары Гүлшат Асылбаева бул иш-чара өлкөбүздө аялдардын ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү үчүн маанилүү кадам болуп саналарын, ошондой эле улуттук продукцияны жайылтууга салым кошорун белгиледи. Ал мындай иш-чаралар уникалдуу салттуу товарларды таанытууга, ошондой эле алардын ички жана тышкы рыноктордо ордун кеңейтүүгө шарт түзөрүн белгиледи.
 
Жарманке аял ишкерлерге өз продукциясын жарандарга тааныштыруу мүмкүнчүлүгүн түзүп берди. Министрлик ишкер аялдарды колдоо аркылуу ата мекендик өндүрүштүн позициясын бекемдөөгө, өлкөнүн кичи жана орто бизнесин өнүктүрүүгө көмөктөшөт.
 
Иш-чарада кийиз буюмдары, салттуу кол өнөрчүлүк товарлары, аял чеберлер жасаган уникалдуу кол өнөрчүлүк буюмдары жана ата мекендик этно-азык-түлүктөр көрсөтүлдү.

Онлайн кайрылуу