Франция менен экономикалык өнөктөштүк: негизги маселелер талкууланды

11-Март 2025-ж.
422

2025-жылдын 11-мартында Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары Санжар Болотов Кыргызстандагы Франциянын Элчиси Николя Фай жана Франция Элчилигинин Экономикалык кызматташтык боюнча башчысы Людовик Лея менен жолугушту.

Жолугушууда негизги талкууланган темалардын бири француз компанияларынын, ошондой эле Франциянын экономика, каржы, өнөр жай жана санариптик эгемендик министринин Кыргызстанга келүү мүмкүнчүлүктөрү болду. Бул сапар эки өлкө ортосундагы экономикалык кызматташтыкты чыңдоодо маанилүү кадам болуусу күтүлүүдө. Франциянын Элчиси ишкердик байланыштарды жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди колдоого даяр экенин билдирип, Франция Кыргыз Республикасындагы компанияларынын катышуусун кеңейтүүгө кызыкдар экенин белгиледи.

Айрыкча, айыл чарба, энергетика, туризм жана транспорт маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Санжар Болотов стратегиялык мааниге ээ тармактарда кызматташууну мындан ары да чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилеп, Кыргыз Республикасы энергетикалык инфраструктураны өнүктүрүү үчүн француз инвестициялары менен технологияларын тартууга, ошондой эле айыл чарба, туризм жана транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду колдоого кызыкдар экенин баса белгиледи.

Онлайн кайрылуу