Санжар Болотов Кыргызстандын БАРЭКте төрагалык кылуунун алкагында мамлекеттин приоритеттерин сунуштады

Новости
10-Март 2025-ж.
540

2025-жылдын 5-7-мартында Манила шаарындагы Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) башкы кеңсесинде Борбордук Азиянын регионалдык экономикалык кызматташтык программасынын (ЦАРЭС) улуттук координаторлорунун жыйыны өттү. Быйылкы жылы программада төрагалык кылуу Кыргыз Республикасына өтүп, бул регионалдык демилгелерди илгерилетүүгө жана экономикалык кызматташтыкты чыңдоого жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. 

Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары Санжар Болотов төрагалык кылуунун алкагында өлкөнүн артыкчылыктуу багыттарын сунуштап, 2025-жылга карата программаны стратегиялык пландоо жана негизги иш багыттарын талкуулоого катышты. Айрыкча, флагмандык регионалдык долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле транспорт, энергетика, соода жана санариптештирүү тармактарындагы кызматташтык маселелери көңүл чордонунда болду. 

Жыйындын алкагында Санжар Болотов АӨБ жетекчилиги: •  банктын вице-президенти Инминг Яң жана Борбордук, Батыш жана Чыгыш Азия департаменттеринин башчысы Евгения Жукова; •  АӨБдин транспорт, энергетика, климаттын өзгөрүүсү жана санариптештирүү маселелери боюнча сектордук бөлүмдөрүнүн жетекчилери; •  БАРЭКке мүчө мамлекеттердин улуттук координаторлору – Тажикстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Грузия жана башкалар менен бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү. Жолугушууларда регионалдык долбоорлорду каржылоо мүмкүнчүлүктөрү, кызматташтыкты чыңдоо жана региондун экономикаларын мындан ары интеграциялоо маселелери талкууланды. 

Маалымат үчүн: ЦАРЭС программасы 11 мамлекетти камтыйт: Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Азербайжан, Грузия, Монголия, Кытай, Пакистан жана (убактылуу токтотулган) Ооганстан.

Онлайн кайрылуу