КР 2030-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасынын долбоору талкууланды

Новости
07-Март 2025-ж.
907

2025-жылдын 6-мартында Кыргыз Республикасынын 2030-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасынын долбоору талкууланды. Иш-чарага Президенттин Администрациясынын өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик органдар, жарандык коом, илимий чөйрө, көзкарандысыз эксперттер жана эл аралык өнөктөштөр катышты.

Программа боюнча иш уланууда, жана #КРЭКМ жарандардын сунуштарын күтүүдө. Улуттук программа – индустриялаштыруу, транспорттук инфраструктура жана санариптештирүүдөн тартып экология, маданият жана социалдык саясат маселелерине чейин өлкөнү өнүктүрүүнүн негизги багыттарын аныктайт. 

Жаңы жумуш орундарын түзүү, инновациялык технологияларды киргизүү, билим берүү жана саламаттык сактоо системасын модернизациялоо, экономиканын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча чаралар талкууланууда.

Ар бир жаран бул процесске өз салымын кошо алат. Айтылган ой-пикирлер жана сунуштар программага өзгөртүүлөрдү киргизүүдө эске алынат. 

Өз сунуштарыңызды stratplan@mineconom.gov.kg дарегине жөнөтө аласыз.

Онлайн кайрылуу