Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм департаменти 2025-жылдын 5-мартында Берлинде өткөн ITB 2025 эл аралык туристтик көргөзмөсүндө Кыргызстанда Германиянын 60 туроператору катыша турган DRV Destination форуму өтөрүн расмий жарыялады.
Иш-чаранын алкагында Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрү көрсөтүлүп, немис туроператорлору менен түз байланышты бекемдөө мүмкүнчүлүгү түзүлөт.
Форум Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен Германиянын эң ири Deutsche Reiseverband (DRV) туроператорлор ассоциациясынын ортосунда кол коюлган кызматташуу жана стратегиялык өнөктөштүк тууралуу меморандумдун алкагында өткөрүлөт. Меморандум 2024-жылдын 25-27-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Германияга расмий сапары учурунда түзүлгөн.
Туризм департаменти менен Deutsche Reiseverband (DRV) ассоциациясы кызматташтык тууралуу келишимге кол койгонун да белгилеп кетүү керек. Бул келишим Кыргызстан менен Германиянын туристтик индустриясынын байланышын дагы бекемдеп, өлкөнүн эл аралык туристтик рынокто ордун чыңдоого көмөкчү болот.