Улуттук дем тууралуу Жарлыктын ишке ашырылышы боюнча жыйын

Новости
05-Март 2025-ж.
1175

2025-жылдын 4-мартында #КРЭКМ министрдин биринчи орун басары Чоро Сейитовичтин жетекчилиги астында министрликтин кызматкерлеринин катышуусунда жыйын өткөрүлдү.
Жыйын Кыргыз Республикасынын Президентинин №369 « Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик»  уңгужолу Жарлыгын ишке ашырууга арналды. Жыйында аталган  Уңгужолунун мааниси, анын өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүндөгү ролу жана мыйзам чыгаруу ыкмаларын жана мамлекеттик программаларды иштеп чыгуучу процесстерде анын нормаларын эске алуу зарылдыгы талкууланды.
Жыйындын жыйынтыгы менен бардык нормативдик-укуктук документтерди инвентаризациялап, аларды  Уңгужолу нормаларына ылайыкташтыруу тапшырмалары берилди. Мындан тышкары, министрликтин кызматкерлеринин активдүү катышуусунун маанилүүлүгү жана улуттук экономиканы дүйнөлүк рынокто атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн бул Жарлыкты ишке ашыруудагы аракеттери белгиленди.
Жарлык тууралу төмөнкү шилтеме аркылуу таанышсаңыз болот:
https://cbd.minjust.gov.kg/230019498/edition/23327/kg 

Онлайн кайрылуу