2030 Улуттук программасынын долбоору.pdf
2025-жылдын 6-мартында Park Hotel Bishkek мекемесинде Кыргыз Республикасын 2030-жылга чейин өнүктүрүү боюнча Улуттук программасынын долбоорун талкуулоо иш-чарасы өтөт. Иш-чаранын башталышы — 09:30.
Талкуунун максаты — программадагы негизги багыттарды, анын ичинде индустриализацияны, регионалдык хабдарды өнүктүрүүнү, айыл чарбасын, туризмди, "жашыл" энергетиканы, ошондой эле эмгек ресурстары, билим берүү жана саламаттыкты сактоо боюнча маселелерди сунуштоо.
Талкууга мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышат.
Эксперттик жана академиялык коомчулуктун, жарандык коом жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн кызыккан өкүлдөрүн чакырабыз.
Кошумча маалымат алуу жана каттоодон өтүү үчүн төмөнкү байланыштарга кайрылыңыздар:
WhatsApp: 0701-771-210
Email: stratplan@mineconom.gov.kg