Кыргызстан менен Россия Федерациясынын Свердлов облусунун ортосундагы өнөр жай жана технологиялар тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Новости
04-Март 2025-ж.
478

2025-жылдын 3-мартында Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкулов Россия Федерациясынын Свердлов облусунун делегациясы менен жолугушту. Делегацияны облус губернаторунун орун басары Василий Козлов жетектеп, анын курамына аймактын ири өнөр жай ишканаларынын өкүлдөрү кирди.  

Жолугушууда Кыргызстан менен Свердлов облусунун ишканаларынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү, тактап айтканда, машина куруу, кайра иштетүү өнөр жайы, курулуш, электр техникасы, тоо-кен тармагы, медициналык жабдуулар жана өнөр жай адистеринин квалификациясын жогорулатуу маселелери талкууланды.  

Тараптар өнөр жай, билим берүү жана технология тармактарында кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экенин белгилешип, эки өлкөнүн ишкер чөйрөсүнүн өкүлдөрү ортосундагы байланыштарды өнүктүрүүгө көмөктөшүү боюнча макулдашты.
 

Онлайн кайрылуу