28-февралда Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкулов «Мега Юнион Индастри» ЖЧКсынын гипс жана гипсокартон листтерин өндүрүүчү жаңы өндүрүштүк объекттеринин курулушуна капсула коюу аземине катышты.
Өлкөдөгү ири ишканалардын бири болгон «Мега Юнион Индастри» ЖЧКсынын өнүгүшүндөгү жаңы этаптын башталышына арналган салтанат Жалал-Абад облусунун Достук айылында болуп өттү.
Иш-чаранын катышуучулары менен учурашуу учуруда, экономика жана коммерция министринин орун басары бул долбоор өлкөнүн экономикалык өсүшү үчүн чоң мааниге ээ экенин билдирип. Жакын арадан ишке ашырыла турган долбоор, жумуш менен камсыз болуу деңгээли жогорулатып, жарандардын сапаттуу курулуш материалдарына жеткиликтүүлүгүн кеңейтип, ошондой эле жергиликтүү жана республикалык бюджеттердин кирешесин көбөйтөөрүн баса белгиледи.
2024-жылы жаңы өндүрүштүк линияларды куруу чечими кабыл алынган. Бул Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги, «Мега Юнион Индастри» ЖЧКсы жана Кытайдын «Hengshui Decheng Machinery & Equipment Co., Ltd» компаниясы ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюунун негизинде ишке ашууда.
«Мега Юнион Индастри» компаниясы жергиликтүү экономиканы колдоо боюнча активдүү иш алып барып, Сузак районунун 70тен ашуун тургунун иш менен камсыздап, тоо-кен казып алуу, транспорт жана жергиликтүү товарларды сатып алуу сыяктуу бир катар тармактардын өнүгүшүнө салым кошуп келет. Ишкананын ишмердүүлүгүнүн натыйжасында мамлекеттик бюджетке жыл сайын 40 миллион сомдон ашуун каражат түшүүдө.