26-февралда Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Иран Ислам Республикасынын биринчи вице-президентинин орун басары, доктор Али Наджафи Хошруди мырза менен жолугушту.
Жолугушууда тараптар бир катар негизги маселелерди:
- Кыргыз Республикасы менен Ирандын ортосундагы эки тараптуу сооданы өнүктүрүүнү, товар жүгүртүүнү көбөйтүү үчүн шарттарды түзүүнү;
- транспорттук-логистикалык кызматташтыкты, анын ичинде инфратүзүмдү жакшыртуу мүмкүнчүлүктөрүн жана эки өлкөнүн ортосундагы товарларды тез жана ыңгайлуу ташуу үчүн натыйжалуу транспорттук коридорлорду түзүүнү;
- каржылык кызматташтык жана жаңы каржы механизмдерин иштеп чыгууну;
- Кыргыз-иран өкмөттөр аралык комиссиясынын ишмердүүлүгүн жана анын ишин оптималдаштыруу аркылуу биргелешкен долбоорлорду жана демилгелерди натыйжалуу ишке ашыруу жолдорун талкуулашты.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар жетишилген макулдашууларды иш жүзүндө ишке ашырууну баштоо, соода-экономикалык кызматташтыкты илгерилетүү боюнча биргелешкен аракеттерди күчөтүү жана артыкчылыктуу тармактарда өз ара аракеттенүүнү чыңдоо жөнүндө чечим кабыл алышты.