2025-жылдын 25-февралында #КРЭКМ өкүлдөрү 2023-2027-жылдар мезгилине тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын ишке ашыруу боюнча «Жол картасы» темадагы тегерек столго катышышты.
Иш-чаранын максаты 2023-жылдын 24-ноябрында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин буйругу менен бекитилген тоо аймактарын өнүктүрүүнүн Жол картасынын ишке ашырылышынын жыйынтыктарын талкуулоо болду. Жыйында Чүй облусунун тоо аймактарынын туруктуу өнүгүүсүнү, анын ичинде тоо туризмин өнүктүрүү, тоо продукцияларын өндүрүү жана, ошондой эле мамлекеттик органдар менен эл аралык өнөктөштөр ортосундагы өз ара аракеттешүүнү күчөтүү маселелери талкууланды.
Тегерек столдо мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын жана эксперттердин өкүлдөрү тоо аймактарындагы экономикалык потенциалды жогорулатуу үчүн негизги чакырыктарды жана мүмкүнчүлүктөрдү талкуулашты. Инвестиция тартуу, ишкерликти колдоо жана туруктуу өсүшү үчүн зарыл болгон инфраструктураны өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
Иш-чаранын жыйынтыгында Жол картасын ишке ашыруу чаралары жана механизмдерин жакшыртуу, мекемелердин өз ара аракеттешүүнү күчөтүү жана Кыргыз Республикасынын тоо аймактарын туруктуу өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр менен кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган сунуштар иштелип чыкты.