Кереметтүү Кыргызстан өзбекстандык туристтер үчүн дагы да жеткиликтүү болду

Новости
26-Февраль 2025-ж.
768

Бүгүн, 2025-жылдын 26-февралында Ташкентте Өзбекстандагы #КРЭКМ караштуу Кыргызстандын Соода өкүлчүлүгү «PANTERA LUXE TRAVEL» туристтик агенттиги менен кызматташуу жөнүндө меморандумга кол койду.
Өнөктөштүктүн алкагында өзбекстандык жарандар үчүн Кыргызстандагы эң кооз жерлерге кызыктуу саякаттар уюштурулат. Алардын катарында Ысык-Көл, Сары-Челек коругу, бийик тоолуу Сон-Көл, сырдуу Көл-Суу жана башка табигый көркү менен суктандырган жайлар бар.
Соода өкүлчүлүгү биргелешкен аракеттер аркылуу Кыргызстандын уникалдуу жаратылыш байлыктарын өзбекстандык туристтер үчүн дагы да таанымал кылууга умтулат.
Кыргыз Республикасынын Өзбекстандагы Соода өкүлү Убышалиев Данияр Мыктыбекович туристтер кооз пейзаждарга суктанып, тунук көлдөрдөн ырахат алып, улуттук ашканадан даам татып, элибиздин меймандостугуна күбө боло алышарын билдирип, «бул меморандум эки өлкө ортосундагы достукту жана кызматташууну чыңдоого өбөлгө түзөт», – деп баса белгиледи.

Онлайн кайрылуу