Мораторийдин мөөнөтү 2024-жылдын 31-декабрында аяктаган – КР Президентинин 2025-жылдын 17-февралындагы Жарлыгы УЧАнын гана күчүн жоготкондугу тууралуу

Новости
26-Февраль 2025-ж.
635

Ишкердик субъекттеринин экономикалык ишмердүүлүгүн туруктуу жүргүзүү, бизнес-чөйрөнү мындан ары өнүктүрүү, инвестицияларды тартуу жана инвестициялык климатты жакшыртуу, ошондой эле мамлекеттик органдардын ишкердик субъекттеринин ишине негизсиз жана ашыкча кийлигишүүсүн жоюу максатында, Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан 2024-жылдын 9-январында №1 «Ишкердик субъекттерин текшерүүгө убактылуу тыюу салуу (мораторий киргизүү) жөнүндө» Жарлык кабыл алынган.
Бул Жарлыкка ылайык, ыйгарым укуктуу укук коргоо жана башка органдар тарабынан жүргүзүлүүчү ишкердик субъекттерин текшерүүгө 2024-жылдын аягына чейин мораторий киргизилген.
Ошентип, мораторийдин мөөнөтү 2024-жылдын 31-декабрында аяктаган.
Мораторий төмөнкү учурларда жүргүзүлгөн текшерүүлөргө жайылган эмес:
- ишкердик субъектиси тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдары бузулган конкреттүү фактылар аныкталган учурда, мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын суроо-талабы боюнча тиешелүү документтер, материалдар жана башка тастыктоочу маалыматтар коштолгон шарттарга;
- салык органдары тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүлөргө;
- бажы органдары тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүлөргө;
- тамак-аш коопсуздугу тармагындагы мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө максатында жүргүзүлгөн текшерүүлөргө;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык аткарылган функцияларга.

Онлайн кайрылуу