Кыргызстан эл аралык Fruit Logistica көргөзмөсүндө экспорттук потенциалын көрсөттү

Новости
24-Февраль 2025-ж.
850

#КРЭКМ жана Германиянын Физика-Техникалык Институтунун (РТВ) «Кыргызстанда сапат инфраструктурасы кызматтарын пайдаланууну жакшыртуу» (Calidena-ыкмасы) долбоорунун колдоосу менен Берлин шаарында эл аралык Fruit Logistica көргөзмөсү өттү.

Кыргызстандан иш-чарага жети ишкана катышты:
Trade and Logistics Center Global Agro (Жалал-Абад облусу);
«Интерфрут» ЖЧКсы (Кадамжай району);
«Алыш Дан Органик» А.Ч.К. (Баткен);
«Ишкер Кей Джи» КФ (Жалал-Абад облусу);
«Баткен Фрутс Компани» ЖЧКсы (Баткен);
«ОСКО» ЖЧКсы (Бишкек);
«Sun Planet Organic» ЖЧКсы (Жалал-Абад облусу).
Көргөзмөгө Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев да катышты.

Кыргызстан бул көргөзмөдө кургатылган жемиштер, жаңгактар жана алардын кайра иштетилген азыктары (грек жана өрүк майы, фисташка пастасы, кургатылган жемиштен жасалган конфеттер ж.б.) менен кеңири таанытылды. Бул иш-чарага катышуунун максаты – өлкөнүн бизнес-потенциалын эл аралык соодада илгерилетүү болду.
Эл аралык рынокко чыгуу үчүн ишканалар төмөнкү талаптарды аткарды:
Тамак-аш коопсуздугу боюнча мыйзам чегинде аккредитацияланган лабораторияларда продукцияларын сыноодон өткөрдү;
HACCP же ISO 22000 стандарттарынын элементтерин киргизди;
Продукциянын маркировкасын жана таңгагы ЕБ талаптарына жооп беришин камсыз кылды.
Кыргызстандык продукция европалык сатып алуучулар менен өндүрүүчүлөрдүн зор кызыгуусун жаратты. Көргөзмө алкагында көптөгөн B2B жолугушуулар жана ишкердик сүйлөшүүлөр өттү.
Иш-чаранын жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчилигинде кыргызстандык ишкерлердин жолугушуусу болуп, анда ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн ЕБ рыногуна жеткиликтүүлүгүн жеңилдетүү жана зарыл инфраструктураны түзүү маселелери талкууланды  

Онлайн кайрылуу