2025-жылдын 19–20-февралында «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасынын 2030-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасынын долбоору талкууланды. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын өкүлдөрү, министрликтер, ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана көзкарандысыз эксперттер катышты.
Программа жарандардын жашоо деңгээлин жогорулатууга жана туруктуу экономикалык өсүшкө жетишүүгө багытталган. Башкы стратегиялык максат – 2030-жылга чейин ички дүң продукцияны 30 миллиард АКШ долларына чейин көбөйтүү, бул ИДПнын номиналдык өсүш темпин жыл сайын 8–10% деңгээлинде сактоону талап кылат.
Программанын артыкчылыктуу багыттары болуп жаңы жумуш орундарын түзүү, индустриалдаштыруу, айыл чарбасын жана агроөндүрүш тармагын өнүктүрүү, туризм, энергетика, транспорттук коридорлор жана экспорттук потенциалды жогорулатуу, ошондой эле административдик-аймактык реформанын экинчи этабын өткөрүү саналат. Мындан тышкары, билим берүү жана саламаттык сактоо системаларын өркүндөтүү сыяктуу социалдык маселелер да көңүл борборунда болот.
2030-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасын ишке ашыруу Кыргызстанды өнүгүү жолунда маанилүү кадам болуп, ар бир жаран үчүн татыктуу жашоо шарттарын түзүүгө жана экономиканын динамикалык өсүшүн камсыздоого өбөлгө түзөт.