Минэконом жана салык кызматы бизнеске электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазын колдонуу боюнча түшүндүрмө беришти

Новости
20-Февраль 2025-ж.
266

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги (мындан ары – Министрлик) Мамлекеттик салык кызматы менен биргеликте ишкерлер үчүн электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз менен иштөө (мындан ары – ЭТТН) боюнча түшүндүрмө беришти.


2025-жылдын 19-февралында Министрликтин аянтчасында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары менен ишкерлердин кезектеги жолугушуусу өтүп, анда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Салык салуу тармагындагы айрым токтомдорго өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун долбоору талкууланды.


Жолугушуунун жүрүшүндө ишкерлер Министрлик жана Салык кызматынын өкүлдөрүнөн түшүндүрмө алып, ошондой эле токтом долбоору боюнча, анын ичинде ЭТТН тутумун техникалык жактан өркүндөтүү боюнча кошумча сунуштарын билдиришти.


Министрлик бул токтомдун долбоору 2025-жылдын 21-январында Кыргыз Республикасынын нормативдик-укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун Бирдиктүү порталында жарыяланганын эскертет (https://koomtalkuu.gov.kg/ru/npa-view/4667).
Кошумча сунуштар пайда болгон учурда, ишкерлер аларды коомдук талкуулоонун алкагында Министрликтин расмий электрондук дарегине mail@mineconom.gov.kg жөнөтө алышат же жогоруда көрсөтүлгөн портал аркылуу жарыялай алышат.


Суроолор боюнча Министрликтин салык саясаты бөлүмүнүн башкы адиси Султан Саиповго кайрылсаңыздар болот. Байланыш номери: (0312) 62-05-35 (+254).

Онлайн кайрылуу