"Стандартташтыруу жөнүндө" КР Мыйзамынын жоболору түшүндүрүлдү

Новости
20-Февраль 2025-ж.
233

КР Экономика жана коммерция министрлигинде «Стандартташтыруу жөнүндө» мыйзамдын жоболору түшүндүрүлдү
19-февралда #КРЭКМ 2025-жылдын 11-январында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон «Стандартташтыруу жөнүндө» мыйзамдын негизги жоболору түшүндүрүлдү.
Иш-чарага министрликтер менен ведомстволордун өкүлдөрү, техникалык комитеттердин мүчөлөрү жана стандартташтыруу тармагында иш алып барган башка кызыкдар тараптар катышты.
Талкуу учурунда катышуучулар пикир алмашып, тажрыйба бөлүшүп, жаңы мыйзам эффективдүү стандартташтыруу системасын түзүүгө, продукциялар менен кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууга жана жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн эл аралык рыноктогу позициясын бекемдөөгө өбөлгө түзөрүн белгилешти.
Кабыл алынган мыйзам стандартташтыруу тармагындагы нормативдик базаны өркүндөтүүгө, улуттук стандарттарды эл аралык талаптарга шайкеш келтирүүгө жана бизнес үчүн жол-жоболорду жөнөкөйлөтүүгө багытталган.
КР Экономика жана коммерция министрлиги мыйзамдын жоболорун түшүндүрүү иштерин улантып, аны натыйжалуу ишке ашыруу үчүн бизнес-коомчулук жана тармактык уюмдар менен кызматташууну улантат.
КР ЭКМ караштуу Кыргызстандарттын ишмердүүлүгү тууралуу маалыматты расмий сайтынан: https://www.nism.gov.kg/ алсаңыз болот.

Онлайн кайрылуу