Бишкекте жергиликтүү бийлик органдырынын жетекчилеринин катышуусунда кеңейтилген кеңешме болуп өттү

Новости
19-Февраль 2025-ж.
415
2025-жылдын 18–19-февралында Кыргыз Республикасынын Президентинин №1 мамлекеттик резиденциясында Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басарлары, министрликтер менен ведомстволордун жетекчилери, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары, облустук маанидеги шаарлардын мэрлери, ошондой эле каржы жана жеке сектордун өкүлдөрү катышкан кеңейтилген жыйын болуп өттү.
#КРЭКМ атынан иш-чарага экономика жана комерция министринин биринчи орун басары Чоро Сейитов катышты. Негизги максаты мамлекеттик органдар, каржы мекемелери, өнүктүрүү фонддору жана бизнес-коомчулук ортосунда натыйжалуу өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу болду. Жыйындын жүрүшүндө мамлекеттик жана каржы кызматтарын көрсөтүү, учурдагы инвестициялык жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле экономика жана башкаруунун ар кандай чөйрөлөрүндөгү учурдагы жана пландаштырылган реформалар талкууланды.
Айрыкча, 2024-жылдагы жергиликтүү бийлик органдарынын ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктарын чыгарууга, жетишилген натыйжаларды талдоого жана актуалдуу көйгөйлөрдү аныктоого өзгөчө көңүл бурулду. Иш-чаранын алкагында жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары жана облустук маанидеги шаарлардын мэрлери аткарылган иштер боюнча отчетторду сунуштап, 2025-жылга карата өнүктүрүү пландары жана артыкчылыктуу багыттар боюнча талкуу жүргүзүштү.
Жыйын борбордук жана жергиликтүү бийлик органдарынын ортосундагы координацияны күчөтүү, аймактык башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана каржылык институттар менен жеке сектордун өз ара аракеттенишин жакшыртуу аркылуу инвестицияларды тартуу жана келечектүү демилгелерди ишке ашыруу максатында өткөрүлдү.

Онлайн кайрылуу