Акыркы убакта шылуундар Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары Сейитов Чоро Сейитовичтин атынан ар кандай билдирүүлөрдү таратып, маалымат же акча каражаттарын талап кылган учурлар көбөйүүдө.
Эгер сиз мындай билдирүү алсаңыз:
• Ага жооп бербеңиз жана акча которбоңуз;
• Мындай кайрылуу тууралуу укук коргоо органдарына (102) билдириңиз;
• Жакындарыңызга айтып, аларды дагы шылуундардын курмандыгы болуудан сактаңыз.
Сак болуңуз жана өзүнүздү алдатууга жол бербеңиз! Өзгөчө финансылык маселелерге тиешелүү болгон күмөндүү маалыматтарды тактаңыз.
Эгер шек санасаңыз, #КРЭКМ басма сөз кызматына төмөнкү номер аркылуу кайрылсаңыз болот: 0777 777 572.