Санжар Болотов кореялык компаниялары менен Кыргызстандын аймагында интеллектуалдык логистикалык хаб түзүүнү талкуулады

Новости
19-Февраль 2025-ж.
469

#КРЭКМ Санжар Болотовдун Түштүк Кореянын ири компаниялары Ecovice жана Sunjin делегациясы менен жолугушуусу болуп өттү.

Бул жолугушуу 2024-жылдын 4-декабрында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Корея Республикасына расмий сапарынын алкагында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен ECOVICE Origin жана SUNJIN Engineering & Architecture компанияларынын консорциуму ортосундагы логистикалык борборлорду куруу боюнча Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун алкагында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун уландысы болуп саналат.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар консорциумдун Кыргызстанда интеллектуалдык логистикалык хаб түзүү ниетин талкуулашты. Ошондой эле корей тарап бул долбоор боюнча генералдык планды иштеп чыгуунун жүрүшү тууралуу маалымат берди.

Мындан тышкары, консорциумдун өкүлдөрү аталган тармактагы тажрыйбасы менен бөлүшүп, Кыргыз Республикасынын логистикалык мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү боюнча өз көз карашын сунушташты.

Министрдин орун басары Санжар Болотов корей тарабына өлкөлөр ортосундагы кызматташууну өнүктүрүүгө активдүү катышканы үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы экономикалык байланышты мындан ары да чыңдоого кызыкдар экенин баса белгиледи.

Тараптар эки тараптуу кызматташтыктын жогорку деңгээлин белгилеп, биргелешкен демилгелерди улантууга даяр экендиктерин билдиришти.

Маалымат үчүн: Sunjin компаниясынын долбоордук портфелинде 10 миңден ашуун ар кандай тармактардагы долбоорлор бар, анын ичинде бүтүндөй шаарларды долбоорлоо да камтылган. Борбордук Азияда расмий өнүгүүгө колдоо көрсөтүү долбоорлорунун алкагында компаниянын ишмердүүлүгүнө мисал катары Өзбекстандын Ташкент шаарында 500 орундуу оорукана куруу жана Пакистандын борбору Карачи шаарында 76 миң чарчы метрден ашык аянтты камтыган IT-парк долбоорун белгилөөгө болот.

Белгилей кетсек, компаниялар учурда Бишкектин түндүк бөлүгүндө убактылуу сактоо кампаларын (УСK) куруу боюнча иштерди жүргүзүп жатышат, ошондой эле «Чакан ГЭС» ААК менен биргеликте ГЭС-5 аймагында сүзүүчү фотоэлектр станциясын түзүү боюнча иш алып барышууда.




Онлайн кайрылуу