КР экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкулов жетектеген Кыргызстандын өнөр жайды өнүктүрүүчү жумушчу тобу, КР Түркиядагы Соода өкүлчүлүгү менен биргеликте иш сапарын эки акыркы жолугушуу менен жыйынтыктады.
Атап айтканда, KOSGEB жетекчисинин орун басары Фатих Гёкйурт менен жолугуп, кыргыз делегациясы KOSGEB ишмердүүлүгү, финансылык колдоо көрсөтүү шарттары, насыялар боюнча пайыздык чендер жана бизнес үчүн жеңилдиктер менен таанышты.
Мындан тышкары, делегация Анкаранын « Башкент өнөр жай аймагына (OSB)» барып, Директорлор кеңешинин төрагасынын орун басары Мехмет Эргин делегацияга өнөр жай аймагы, аймактык иштер жана алдыдагы долбоор-пландар тууралуу маалымат берди. Ишканалардын жетекчилери меймандар үчүн өндүрүш объектилерин тааныштыруу максатында экскурсия уюштурушту.
Кыргыз делегациясы убактылуу баш калкалоочу жайлар жана контейнерлерди өндүрүүчү ишканалардын, ошондой эле саркынды сууларды тазалоочу жабдууларды чыгаруучу фабрикалардын ишмердүүлүгү менен таанышып, Кыргызстанда, айрыкча Ысык-Көл облусунда, саркынды сууларды тазалоочу станцияларды курууга кызыкдар экендигин билдирди.
Иш сапар өнөр жай тармагында кызматташуу жана тажрыйба алмашуу боюнча сүйлөшүүлөр менен жыйынтыкталды.