Анкарада Кыргызстанга технопарк куруу боюнча маселелер талкууланды

Новости
18-Февраль 2025-ж.
2164

2025-жылдын 14-февралында Кыргызстанга технопарк куруу боюнча КР экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкулов жетектеген Кыргызстандын өнөр жайды өнүктүрүүчү жумушчу тобу, КР Түркиядагы Соода өкүлчүлүгү менен биргеликте Түркиянын эң чоң технопарктарынын бири Bilkent CYBERPARK башкы директору Фарук Иналтекин менен маанилүү жолугушуу өттү.
Жолугушууда Кыргызстанда билим берүү жана технологияларды өнүктүрүүгө багытталган технопарк түзүү перспективаларын талкууланды. Эки тарап мындан ары да тыгыз кызматташууга кызыкдар экендигин билдиришип, кийинки жолугушууну Кыргызстанда уюштурууну макулдашышты.

Онлайн кайрылуу