Улуу Британиянын ири компаниялары жана банктары менен кызматташтык маселелери талкууланды

Новости
18-Февраль 2025-ж.
610

Улуу Британияга болгон иш сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын делегациясы Oppenheimer Europe, Citi Group, Societe Generale жана ICBC Standard Bank сыяктуу ири финансылык институттардын өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрдү. Тараптар биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү маселелерине көңүл бурушту.  
Делегациянын курамында Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары Назарбек Малаев да катышты. Кыргызстан стратегиялык өнөктөштөрдү тартуу жана эл аралык экономикалык байланыштарды чыңдоо боюнча иштерди улантууда.
Маалымат КР ТИМ материалдарынан даярдалды.

Онлайн кайрылуу