Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы №455 Токтомуна жана #КРЭКМ буйруктарына ылайык киргизилген көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу, 2025-жылдын 15-февралында аяктады.
Аймактар боюнча көмүрдүн баасы сатуу түйүнүнүн казып алуу жеринен (карьерден) алыстыгына, б.а. сатуу жерине чейин жеткирилишине жана аны казып алуу ыкмаларына (шахталык ыкма, казып алуунун кыйла кымбат кол ыкмасы, мисалы, Ысык-Көл облусунун Жыргалан шахтасында жана Баткен облусунун Сүлүктү шахтасында же Кара-Кече кесилишиндегидей ачык ыкма менен), кампалоо жана сатуу шарттарына жараша болот.
Мамлекеттик жөнгө салууну жүргүзүү мезгилинде Кызмат тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, салык органдарынын жана ички иштер органдарынын кызматкерлерин тартуу менен белгиленген баалардын сакталышына контролдук иш-чаралар жүргүзүлгөн.
Аны менен бирге, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы күн сайын көмүр сатуу чөйрөсүндө иш жүргүзгөн чарбакер субъекттер арасында түшүндүрүү иштери менен көмүрдүн баасына мониторинг жүргүзүлдү.
Кенен маалымат КР ЭКМ караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы.