Искендер Асылкулов Чүй облусунда өнөр жай зонасын ачуу маселесин көтөрдү

Новости
17-Февраль 2025-ж.
744

2025-жылдын 12-февралында Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкулов жетектеген Кыргыз Республикасынын өнөр жай боюнча жумушчу тобу Түркия Республикасынын өнөр жай жана технология министрлигинин өкүлдөрү менен жолугушту. Түркия тараптан жолугушууга өнөр жай жана технология министринин орун басары Мухаммет Касым Генуллю башчылык кылды. Жолугушууда өнөр жай тармагындагы кызматташтык маселелери талкууланды.

Макулдашууларды ишке ашыруу алкагында Искендер Асылкулов Чүй облусунда өнөр жай зонасын ачуу маселесин көтөрдү. Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар 2025-жылдын апрель айында Түркия тараптын расмий иш сапары менен келип, өнөр жай зонасын куруу үчүн сунушталган жер участогу менен тааныша турганы боюнча макулдашты.

Ошондой эле, Анкара шаарындагы Соода палатасынын имаратында КР экономика жана коммерция министринин орун басары Анкаранын зергерчилик жана саат өндүрүшү ассоциациясынын өкүлдөрү менен жолукту. Жолугушуунун алкагында өнөр жай башкармалыгынын башчысы Арслан Базиев түрк зергерчилик компаниялары үчүн презентация жасап, зергер буюмдарын өндүрүү тармагына түрк технологияларын тартуу мүмкүнчүлүктөрүн сунуштады.

Онлайн кайрылуу