Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 2025-жылдын 12-февралында “Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (№ 37) кол койду.
КР Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү салык төлөөчүлөрдүн жана мамлекеттин кызыкчылыктарынын ортосундагы балансты түзүүгө жана колдоого багытталган үзгүлтүксүз процессти билдирет.
Салык төлөөчүлөр жана мамлекет үчүн маанилүү болгон ченемдик укуктук актыга өзгөртүүлөрдү киргизүү маселелерин системалаштыруу максатында, Салык кодексинин жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык Салык кодексине жылына бир жолудан көп эмес өзгөртүүлөр киргизилет.
Бул Мыйзам менен КР 8 кодексине жана 7 мыйзамына, анын ичинде КР Салык кодексинин 161-беренесине өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган.
Салык кодексине киргизилген негизги өзгөртүүлөр:
- Жеке жактар үчүн далпы декларациялоону жокко чыгаруу.
Жеке жактар үчүн бирдиктүү салык декларациясын (БСД) жокко чыгаруу салыктык башкаруу процессин жөнөкөйлөтүүгө жана жарандарга бюрократиялык түйшүктү азайтууга мүмкүндүк берет. Бул чечим заманбап маалыматтык технологияларды активдүү колдонуу жана маалымат чогултуу процесстерин автоматташтыруу зарылдыгы менен шартталган.
- Таксисттер жана чабармандар үчүн киреше салыгынын ставкасын 1 пайыз өлчөмүндө белгилөө
Жеке жактарды көмүскөдөн чыгаруу максатында аталган категориядагы салык төлөөчүлөрдүн ишине патенттик системанын ордуна 1 пайыз өлчөмүндө киреше салыгы салынат. Бул салыктын төлөөчүсү салык агенти – буйрутмалар үчүн колдонулуучу маалыматтык тутумга кирүү мүмкүндүгүн берүүчү уюм болот.
- "Нөлдүк” отчетторду жокко чыгаруу
Салык төлөөчүдө отчеттук мезгилде салык милдеттенмеси жок болгон учурда "нөлдүк" отчетторду берүү талап кылынбайт. - Макулатураны жана металл сыныктарын сатууда киреше салыгынан бошотуу
Түзөтүү киргизилгенге чейин салык агенттери макулатура жана металл сыныктарын алууда жеке жактардан киреше салыгынын 10% кармап турушкан. Эми бул товарларды сатуу салык салуудан бошотулду. Ошондой эле айнек, айнек идиш, айнек камтыган буюмдарды, полипропилен, полиэтилен, пластик жана полиэтилентерефталатты кабыл алуу боюнча бүтүмдөр киреше салыгынан бошотулат.
- Айыл чарба продукциясын сатууда соода тармактары үчүн жеңилдик
Айыл чарба өндүрүүчүлөрү, Айыл чарба кооперативдери же айыл чарба багытындагы соода-логистикалык борборлор катары катталган салык төлөөчүлөрдөн сатып алынган ата мекендик айыл чарба продукциясын сатуучу соода тармактары КНСтин 80 %ын төлөөдөн бошотулду.
- Айыл чарба өндүрүүчүлөрү үчүн бонус боюнча жеңилдик
Айыл чарба өндүрүүчүлөрү жер астындагы сууларды айыл чарба муктаждыктары үчүн пайдаланууда аны тандап алуу (жер казынасынан алуу) үчүн бонус төлөөдөн бошотулат.
- Кыргыз Республикасында чогултулган же өндүрүлгөн транспорт каражаттарынын ээлерин алгачкы каттоо үчүн жыйым төлөөдөн бошотуу
Автомобилдерди чыгаруу боюнча долбоорду ишке ашыруунун алкагында "Тулпар Моторс" заводу транспорт каражаттарын чогултууну жана өндүрүүнү ишке ашырууда. Транспорт каражаттарын каттоодо сатып алуучуларды жыйым төлөөдөн бошотуу унаа сатып алууну жеткиликтүү кылат жана калкты автомобилдештирүү деңгээлинин өсүшүнө өбөлгө түзөт.
КР укук бузуулар жөнүндө кодексиндеги негизги өзгөртүүлөр:
1. Башка жакка катталган төлөм тутумдарын пайдалагандыгы үчүн административдик чаралар
Эгерде жеке ишкер же юридикалык жак товарлар/кызматтар көрсөтүүлөр үчүн төлөмдү башка жакка катталган төлөм тутуму аркылуу кабыл алса, эми ушул аракеттер үчүн төмөнкүдөй айып пул салынат:
- биринчи бузуу үчүн – эскертүү
- кайталап бузуу үчүн:
- жеке жактар үчүн – 20 000 сом
- юридикалык жактар үчун – 65 000 сом.
2. Акциздик маркасыз же жасалма акциздик маркалар менен акциздик продукцияны жүгүртүү үчүн айып пулду көбөйтүү
Мыйзамсыз алкоголдук жана тамеки продукциялары табылган учурлардын көбөйүшүнө байланыштуу, 2016-жылы белгиленген акциздик маркасыз же жасалма акциздик маркалар менен акциздик продукцияларды мыйзамсыз сатуу үчүн айып пулдар эки эсеге көбөйтүлдү.
«Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамындагы негизги өзгөртүүлөр:
1. 2025-жылдын 1-июлуна чейин курулуш компаниялары үчүн бирдиктүү салыкка өтүү
Турак жай жана турак эмес имараттарды куруу чөйрөсүндөгү субъекттер 2025-жылдын 1-июлуна чейин салык салуунун башка режимине өтүү жөнүндө арыз берүүгө укуктуу.
Ошондой эле салык төлөөчүлөрдүн бул категориясы үчүн бирдиктүү салык ставкалары белгиленген.
6% – накталай эсептешүүлөрдө
4% – накталай эмес эсептешүүлөрдө
2. Транспорт каражаттарын кайра экспорттоо операциялары боюнча жеке жактардын салык карызын эсептен чыгаруу
Жеке жактар (жеке ишкерлерди кошпогондо) салык карызынан, анын ичинде 2022-жылдын 1-январынан тартып 2025-жылдын 1-январына чейинки мезгилде алардын менчигинде бир жылдан аз убакытта болгон транспорт каражаттарын импорттоодо жана сатууда алынган кирешелер боюнча пайыздардан жана туумдардан бошотулат.
3. Баштапкы эсепке алуу документтери жок товарлардын калдыктарын легалдаштыруу.
Салык төлөөчүлөр баштапкы эсепке алуу документтери жок товарлар үчүн 2025-жылдын 1-апрелине чейин салык органынын маалымат тутумуна алар жөнүндө маалыматтарды киргизишсе, жоопкерчиликтен бошотулат. Буга төмөнкүлөр кирбейт:
1) алкоголдук продукциялар, тамеки буюмдары, дары-дармек каражаттары, медициналык буюмдар, баалуу металлдардан жасалган зер буюмдар;
2) мунай жана мунай продуктулары (ТЭИ ТН 2710197100-2710199800 кодундагы майлоочу майларды кошпогондо);
3) салык кызматынын чечимдери же мыйзамдуу күчүнө кирген сот чечимдери бар товарлар
Ушул Мыйзам расмий жарыяланууга тийиш жана айрым жоболорду кошпогондо, 2025-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.