Кыргызстан менен Словакия экономиканын негизги тармактарында өнөктөштүктү өнүктүрүүнү сүйлөшүштү

Новости
13-Февраль 2025-ж.
702

2025-жылдын 12-февралында Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары Санжар Болотов Словакия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы (резиденциясы Нур-Султан шаарында) Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Роберт Кирнаги менен жолугушту.

Жолугушууда эки тараптуу кызматташуунун келечеги, ошондой эле 2025-жылдын апрелинде Кыргыз ССРинин аймагында түзүлгөн «Интергельпо» кооперативинин 100 жылдыгына арналган биргелешкен иш-чаралар талкууланды.
Санжар Болотов Кыргызстан Словакия менен өнөктөштүктү фармацевтика, машина куруу, кайра жаралуучу энергия булактары жана туризм сыяктуу негизги тармактарда өнүктүрүүгө даяр экенин белгилеп, өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык алакаларды чыңдоонун маанилүүлүгүнө токтолду.

Өз кезегинде, Роберт Кирнаги Словакия тараптын ишкердик кызматташтыкты кеңейтүүгө жогорку кызыгуусун билдирип, сөз болгон тармактарда өз ара пайдалуу кооперациянын мүмкүнчүлүктөрүн изилдөөгө даяр экенин баса белгиледи.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки тараптуу экономикалык байланыштарды чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилеп, пландаштырылган иш-чаралар ийгиликтүү ишке ашып, Кыргызстан менен Словакиянын ортосундагы ишкердик мамилелерди бекемдөөгө өбөлгө түзөрүнө ишенимин билдиришти.

Онлайн кайрылуу