2025-жылдын февраль айында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министрлиги, КРЭКМ караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы жана өлкөнүн ун тармагынын ишканаларынын ортосунда кызматташуу жөнүндө келишимге кол коюлду.
Бул Келишим өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого жана унга болгон баанын өсүшүн чектөөгө, элди сапаттуу ун жана мал чарбачылыгы үчүн тоют менен үзгүлтүксүз камсыздоого багытталган. Ошондой эле, ал Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ун чыгаруучу ишканалар үчүн убактылуу жеңилдик берүү боюнча токтомун эске алуу менен, калк үчүн социалдык маанилүү товарлардын баасын турукташтырууга өбөлгө түзөт.
Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков кол коюлган келишимди ишке ашыруунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, ун жана нан азыктары негизги азык-түлүк продукциялары экенин, алардын калк үчүн жеткиликтүүлүгүн камсыздоо мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты экенин билдирди.
Ошондой эле, Ун өндүрүүчү ишканалар ассоциациясынын президенти 2024-жылдын аягында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин дан жана унга кошумча нарк салыгын (КНС) нөлгө түшүрүү жөнүндө токтомун узартуунун натыйжалуулугун белгиледи. Анын айтымында, бул чечим тармакка оң таасирин тийгизип, жергиликтүү ун өндүрүүчүлөргө өлкөнү өз дан продукциясы менен камсыздоого шарт түзөт жана импортко болгон көз карандылыкты азайтат.