2025-жылдын январь айына карата Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги көрсөткүчтөрү боюнча кыскача экспресс маалымат

Новости
12-Февраль 2025-ж.
140

 Улуттук статистикалык комитеттин алдын ала эсептөөсү боюнча 2025-жылдын январында ички дүң продукциянын көлөмү (мындан ары - ИДП) 96,8 млрд сомду жана реалдуу өсүү темпи 110,6%ды (2024-жылдын январында – 113,9%) түздү. 

Экономиканын тармактары боюнча көрсөткүчтөр төмөндөгүдөй болду: курулушта өндүрүштүн көлөмү – 19,6 %га, кызмат көрсөтүү  чөйрөсүндө – 12,6%га, өнөр жайда – 10,8%га, айыл чарбасында –1,8%га өскөн.


ИДПны түзүүчү секторлор боюнча түзүм жана өсүш темпи


Көрсөткүчтөр

Январь 2024 ж.

Январь 2025 ж.

Факт

(млн. сом)

Өсүү темпи, (%)

ИДПга  % менен

Факт

(млн. сом)

Өсүү темпи, (%)

ИДПга  % менен

ИДПнын өсүүсүнө болгон салымдын үлүшү

ИДП

81 936,9

113,9

100,0

96 788,6

110,6

100,0

10,6

Өнөр жайы

16 541,3

123,9

20,2

20 700,0

110,8

21,4

2,18

Айыл чарбасы

3 796,5

101,5

4,6

4 069,2

101,8

4,2

0,08

Курулуш

1 413,0

121,5

1,7

1 823,1

119,6

1,9

0,34

Кызмат көрсөтүү чөйрөсү

43 110,9

109,7

52,6

50 645,2

112,6

52,3

6,61

Продуктууга таза салык

17 075,2

119,5

20,8

19 551,1

106,8

20,2

1,42

Экономикада пайда болгон тенденциялардын эсебинен номиналдык ИДПнын түзүмүндө товарларды өндүрүүчү тармактардын үлүшү 27,5%ды, кызмат көрсөтүүчү тармактардын үлүшү 52,3%ды түздү.

Өнөр жай. 2025-жылдын январь айында өнөр жай ишканалары тарабынан 46,6 млрд сомдук дүң продукция өндүрүлүп, 2024-жылдын январына салыштырмалуу өндүрүштүн көлөмү 10,7% га өскөн (2024-жылдын январы –24,6% өскөн). 

Өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмүнүн 2024-жылдын январына салыштырмалуу өсүшү тазаланган мунайзат продуктуларынын 2,4 эсеге, тамак-аш азыктарын (суусундуктарды кошкондо) жана тамеки азыктарын өндүрүүнүн 1,6 эсеге, химиялык продукциялардын 1,5 эсеге фармацевтикалык продукциялардын 33,7 %га, резина, пластмасса буюмдарын жана курулуш материалдарын өндүрүүнүн 20,0 %га, текстиль өндүрүшүнүн, кийим-кече өндүрүүнүн 4,2 %га, ошондой эле пайдалуу кендерди казуунун көлөмүнүн  2,5 %га көбөйүшү   менен камсыздалды.

Муну менен бирге, негизги металлдарды өндүрүүнүн 8,3 %га, ошондой эле жыгач жана кагаз буюмдарын өндүрүүнүн, полиграфиялык ишмердиктин 4,4 %га көлөмүнүн төмөндөшү белгиленди.  

Электр энергиясы, газ, буу менен камсыз кылууда 2025-жылдын январында өндүрүштүн көлөмү 10,8 млрд сомду түзүп, 22,3 %га өстү.  Бул негизинен электр энергиясын өндүрүү, берүү жана бөлүштүрүүнүн 16,5% га өсүшүнүн эсебинен болду

Суу менен жабдуу, тазалоо, калдыктарды иштетүү жана кайра пайдалануучу чийки заттарды алуунун көлөмүнүн 11,5 %га көбөйүшү негизинен  сууну чогултуу, иштетүү жана бөлүштүрүүнүн 6,9 %га өсүшү  менен камсыздалды.

Өнөр жай өндүрүшүнөн ИДПны түзүүгө салым 2,18 %дык пунктту түзгөн. ИДП өндүрүшүнүн структурасында өнөр жайдын үлүшү 21,4%ды түздү.

Айыл чарба. 2025-жылдын январында айыл чарба продукцияларынын дүң чыгарылышынын көлөмү 12,4 млрд сомду түздү. 2024-жылдын ушул мезгилинин деңгээлине салыштырмалуу реалдуу өсүү темпи 101,8% түздү.

Айыл чарба продукцияларынын дүң чыгарылышынын көлөмүнүн 2024-жылдын январына салыштырмалуу өсүшү негизинен мал чарба продукцияларын өндүрүүнүн 1,8 %га көбөйүшү менен камсыздалды.

Айыл чарба өндүрүшүнүн ИДПны түзүүгө кошкон салымы 0,08 пайыздык пунктту түзгөн. ИДП өндүрүшүнүн түзүмүндө айыл чарбасынын үлүшү 4,2 %ды түздү.

Курулуш. 2025-жылдын январынын жыйынтыгы боюнча каржылоонун бардык булактарынан негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 4,7 млрд сомду түзүп, 38,3%га өстү (2024-жылдын январында 25,6%га өскөн) 

2024-жылдын январына салыштырмалуу негизги капиталга инвестициялардын көлөмүнүн өсүшү каржылоонун ички булактарынын 1,7 эсеге көбөйүшү менен камсыз болду, ошол эле убакта тышкы булактардын көлөмү тескерисинче 2,5 эсеге төмөндөдү.

2025-жылдын январында инвестициялардын негизги көлөмү (инвестициялардын жалпы көлөмүнүн 89 %дан ашыгы) пайдалуу кендерди казуу, иштетүү өндүрүшү, маалымат жана байланыш, транспорт ишмердиги жана жүктөрдү сактоо, электр энергия, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоо (жабдуу), билим  берүү объекттеринин курулушуна, ошондой эле турак жай курулушуна багытталды.

Экономиканы капиталдаштыруунун көлөмүнүн негизинде 2025-жылдын январында курулуштун дүң продукциясынын жалпы көлөмү 4,1 млрд сомду түзүп, 19,6 %га өстү (2024-жылдын январында 25,6 %га өскөн). 

Курулуш секторунан ИДПга оң салым 0,34 пайыздык пунктка бааланат. ИДП өндүрүшүнүн түзүмүндө курулуштун үлүшү 1,9 %ды түздү.

Кызмат көрсөтүү чөйрөсү. 2025-жылдын январынын жыйынтыгы боюнча кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн дүң продукциясынын көлөмү 77,6 млрд сомду түздү жана 2024-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 13,5% га көбөйдү.

Кызмат көрсөтүүчү экономика тармактарынын түзүмүндө эң көп үлүштү дүң жана чекене соода – 31,1 %, транспорттук иш жана жүктөрдү сактоо кызмат көрсөтүүлөрү – 11,2% жана финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу кызмат көрсөтүүлөрү – 9,6% ээлейт.

Дүң жана чекене соода жүгүртүүнүн, автомобилдерди жана мотоциклдерди оңдоонун көлөмү 2025-жылдын январында 24,1 млрд сомду түзүп, өсүү темпи 130,7% ды түздү. 2024-жылдын январына салыштырмалуу дүң жана чекене сооданын жүгүртүлүшүнүн, автомобилдерди жана мотоциклдерди оңдоонун көбөйүшү негизинен дүң (9,1% га) жана чекене (31,7% га) сооданын көлөмүнүн өсүшү менен камсыз болду.

2025-жылдын январында транспорттук ишмердиктин кызмат көрсөтүүлөрүнүн жана жүктөрдү сактоонун көлөмү 8,7 млрд сом суммасында түзүлдү жана 9,6% га көбөйдү. Транспорттун бардык түрлөрү менен 2024-жылга салыштырмалуу 11,9% га көп ар кандай жүктөрдү, 4,5 миллион тонна ташылган. Ошондой эле республиканын жүк ташуучулары тарабынан 54,8 миллион жүргүнчү ташылды, бул 2024-жылдын тийиштүү мезгилине караганда 17,7 % га көп.

2025-жылдын январь айында мейманканалар жана ресторандар көрсөткөн кызматтардын көлөмү 3,8 млрд сомду түзүп, 2024-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 46,5% га көбөйгөн.

Отчеттук мезгилде маалымат жана байланыш кызмат көрсөтүүлөрүнүн дүң көлөмү 4,7 млрд сомду түзүп, өсүү темпи 104,0% түздү. Байланыш кызматынын өсүшү 4,1 % ды түздү.

ИДПны түзүүгө кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн салымы 6,61 %дык пункттун деңгээлинде бааланат, ал эми ИДПны өндүрүү түзүмүндөгү салыштырма салмагы 52,3% ды түздү %.

Инфляциянын деңгээлин мүнөздөгөн керектөө бааларынын индекси 100,6%ды түздү (2025-жылдын январы өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу). Инфляциянын орточо жылдык деңгээли (2025-жылдын январы 2024-жылдын январына карата) 106,7%ды түздү.

Мында баалар тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга 1,1 %га, алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге - 0,7 %га, калкка көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери - 0,6 %га жогорулады. Муну менен бирге азык-түлүк эмес товарларга баалар тескерисинче - 0,2 %га төмөндөдү.

Быйылкы жылдын январында эң көп картошканын (10,8 %га), жаңы бышкан жашылчалардын (6,6 %га) балыктын (2,6 %га), кургатылган мөмө жемиштердин жана жаңгактын (2,1 %га), сүт азыктары, сыр жана жумуртканын (1,1 %га), анын ичинде куюлуп сатылуучу сүттүн (1,8 %га), жана сырдын (0,5 %га) баалары жогорулады. Муну менен катар, кумшекердин (1,1 %га) жана ундун (0,4 %га) бааларынын төмөндөшү катталган.

Үстүбүздөгү жылдын январында 2024-жылдын декабрына салыштырмалуу республиканын бардык региондорунда керектөө бааларынын жана тарифтеринин жогорулашы байкалды. Мында баалардын максималдуу өсүшү (1,8 %га) Ош облусунда катталды, тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга (2,2 %га), алкоголдук ичимдиктердин жана тамеки азыктарынын (4,3 %га). Баалардын эң көп жогорулашы азык-түлүк эмес товарларга (0,3 %га) Ысык-Көл облусунда, ал эми калкка көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери (2,3 %га) Ош шаарында   катталды.  

Эмгек акы. Бир кызматкердин (чакан ишканаларды кошпогондо) орточо айлык номиналдык эмгек акысы 2024-жылдын январь-декабрь айларында 37 361 сомду түзүп, 2023-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 12,7 %га, ал эми реалдуу эмгек акынын өлчөмү керектөө бааларынын индексин эске алуу менен – 7,3 %га өстү. 2024-жылдын январь-декабрында мурунку жылдын январь-декабрына салыштырганда номиналдык эсептелген орточо айлык эмгек акынын өсүү темпинин жогорулашы экономикалык ишмердиктин бардык түрдөгү ишканаларында жана уюмдарында байкалды.

Алардын эң олуттуу жогорулашы дүң жана чекене соода, автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоо – 32,3 %га, курулуш – 30,0 %га, кыймылсыз мүлк операциялары – 28,1 %га, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу – 25,8 %га, башка тейлөө ишмердиги – 23,6 %га, пайдалуу кендерди казууда – 21,1 %га, ошондой эле кесиптик, илимий жана техникалык ишмердик чөйрөлөрүндө – 20,3 %га байкалды.

Тышкы жана өз ара соода. 2024-жылдын январь-декабрында Кыргыз Республикасынын тышкы соода жүгүртүүсү 16,0 млрд АКШ долларын түзүп, 2023-жылдын январь-декабрына салыштырмалуу 0,9 %га өстү. Мында соода жүгүртүүнүн түзүмүндө экспорттун үлүшү 23,9 %ды, импорттуку 76,1 %ды түздү.

2024-жылдын январь-декабрында товарлардын экспорту өткөн жылдын январь-декабрына салыштырмалуу 13,1%га өсүп, 3,8 млрд долларды түздү. Экспорттук жөнөтүүлөрдүн өсүшү негизинен бут кийим жана алардын тетиктердин 3,6 эсеге, пластмасса жана алардан жазалган буюмдардын 42,4 %га, автомобилдердин жана тракторлордун тетиктерин жана бөлүктөрүн 23,3 %га, жашылчалардын жана тамырлуу жашылчалардын 15,2 %га, алтындын 9,5 %га өсүшү байкалды. Муну менен бирге жеңил автоунаалардын  4,3 эсеге, пахта буласын  2,1 эсеге, жездин концентраттары жана рудаларынын  1,7 эсеге, кара металлдардын 24,5 %га, жездин калдыктарынын жана сыныктарынын 24,3 %га, электр машиналарынын жана жабдуулардын 11,7 %га, мөмө-жемиштердин жана жаңгактардын 11,3 %га, тирүү малдардын 9,8 %га,   трикотаж кийимдердин 7,8 %га төмөндөшү менен шартталды.

2024-жылдын январь-декабрында товарлардын импортунун көлөмү 12,2 млрд АКШ долларын түздү жана өткөн жылдын январь-декабрына салыштырмалуу 2,4 %га азайды. Импорттук келип түшүүлөрдүн көлөмүнүн төмөндөшү негизинен трикотаж кездемелеринин 4,6 эсеге, жер үстүндө жүрүүчү транспорт каражаттарынын жана алардын тетиктеринин 28,7 %га, дан өсүмдүктөрүнүн 24,3 %га, трикотаж кийимдеринин 22,5 %га төмөндөшү менен негизделди. Муну менен катар, электроэнергиянын  2,1 эсеге, жаратылыш жана суюлтулган газдын 44,7 %га, кара металлдардын 43,7 %га, мунайзат продуктуларынын 35,2 %га, кара металлдардан жасалган буюмдардын 23,0 %га, жабдуулардын жана механикалык түзүлүштөрдүн 19,1 %га өсүшү байкалды.

Кыргыз Республикасынын ЕАЭБ өлкөлөрү менен өз ара соодасынын көлөмү 2024-жылдын январь-декабрында 5,0 млрд. АКШ долларын түзүп, 2023-жылдын январь-декабрына салыштырмалуу 8,5 %га өстү. 

ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттук жеткирүүлөрдүн 2023-жылдын январь-декабрына салыштырмалуу 13,0 %га көбөйүшү бут кийим жана алардын тетиктерин 3,6 эсеге, трикотаж кездемелердин 2,0 эсеге, пластмасса жана алардан жазалган буюмдардын 1,6 эсеге, сүт жана сүт азыктардын 1,5 эсеге, контролдук-өлчөө приборлорунун 2,6 %га экспорттук жеткирүүлөрүнүн өсүшү менен камсыздалды. Ошол эле убакта жаңы жана тоңдурулган балыктын  2,6 эсеге, жер үстүндөгү транспорт каражаттардын жана тетиктердин 1,7 эсеге, керамикалык буюмдардын 30,4 %га, мөмө-жемиштердин жана жаңгактардын 28,1 %га, баалуу металлдардын рудаларынын жана концентраттарынын 25,9 %га, жездин калдыктарынын жана сыныктарынын 24,2 %га, жылмаланган айнектин 13,2 %га жеткирүүлөрүнүн азайышы менен шартталды.

ЕАЭБ өлкөлөрүнөн импорттук келип түшүүлөрдүн 2023-жылдын январь-декабрына  салыштырмалуу 6,8 %га өсүшү негизинен кокс жана мунай  битумдун 2,7 эсеге, электрэнергиянын 1,8 эсеге, жаратылыш жана суюлтулган газдардын 1,5 эсеге, шоколад жана какао кошулган азыктардын 45,1 %га, кара металлдардын 39,3 %га, мунайзат продуктуларынын 37,7 %га, фармацевтикалык продукциялардын 28,8 %га, буудай унунун 27,4 %га, эт жана канаттуулардын тамак-аш эт азыктарынын 14,4 %га, кара металлдан жасалган буюмдардын 13,8 %га  көбөйшү менен   шартталды.  Муну менен катар импорттук келип түшүүлөрүнүн азайышы негизинен таш көмүрдүн 2,3 эсеге, жер үстүндө жүрүүчү транспорт каражаттарынын жана алардын тетиктеринин 2,3 эсеге, цементтин 2,1 эсеге, жер семирткичтердин 28,2 %га, жабдуулардын жана механикалык түзүлүштөрдүн 23,0 %га, буудайдын 22,2 %га,   пластмасса жана андан жасалган буюмдардын 12,8 %га, суулардын, минералдык жана газдалган кант кошулган суулардын 8,2 %га, күн карама майынын 6,9 %га, нан жана ундан жасалган кондитердик азыктардын 6,4 %га азайышы белгиленди. 

           Үчүнчү өлкөлөр менен (ЕАЭБден тышкары) тышкы сооданын көлөмү 11,0 млрд АКШ долларын түзүп, 2023-жылдын январь-декабрына салыштырмалуу 2,2 %га төмөндөдү.

Онлайн кайрылуу