«Инклюзивдүү жашыл социалдык-экономикалык өнүгүү» программасынын экинчи топтук жыйыны КР ЭКМде өттү

Новости
12-Февраль 2025-ж.
1931

Бишкек, 2025-жылдын 11-февралы – #КРЭКМ «Инклюзивдүү жашыл социалдык-экономикалык өнүгүү» программасынын экинчи топтук жыйыны өттү. 

Жыйынды министрдин биринчи орун басары Чоро Сейитов жана Кыргызстандагы Эл аралык миграция уюмунун (ЭМУ) өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Бермет Молдобаева ачты. Жыйында Антье Граве, Кыргыз Республикасындагы БУУ тутумунун Туруктуу координатору менен Моника Ризал, БУӨП Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлүнүн орун басары да сөз сүйлөдү.

Катышуучулар эки жылдык иштин жыйынтыктары жана 2025–2026-жылдарга карата пландалган кадамдар талкуулашты. Чоро Сейитов биргелешкен демилгелерди ишке ашырууда аракеттерди бириктирүү зарылдыгын белгилеп, миграция маселесине, анын жөнгө салынышына жана экономикалык таасирине токтолду. Ошондой эле, чакан жана орто бизнести колдоо, аймактарды өнүктүрүү чаралары боюнча да сунуштар айтылды. Талкуу «жашыл» экономиканы өнүктүрүү, экономикалык интеграция жана социалдык туруктуулук маселелерин камтыды.

Жыйынтыгында кабыл алынган сунуштар ТӨБУУКАП программасынын алкагындагы иштерди улантууга негиз болот.

Иш чарага министрликтин өкүлдөрү, мамлекеттик органдар, эл аралык өнөктөштөр жана башка кызыкдар тараптар катышты.

Бул жолугушуу 2023–2027-жылдарга карата Туруктуу өнүгүү боюнча БУУнун Кызматташтык алкагындагы программасын (ТӨБУУКАП) ишке ашыруунун алкагында уюштурулду.

Онлайн кайрылуу