#КРЭКМ (мындан ары – Министрлик) Кыргыз Республикасындагы товар жүгүртүүдөгү электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды (мындан ары – ЭТТК) колдонуу процессин жөнөкөйлөтүү максатында Министрлик тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Салык салуу чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоору иштелип чыкканын эскертет.
Долбоор:
- Акцизделүүчү товарлардын толук чынжыры боюнча электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды (ЭТТК) толук колдонууга өтүү (Күйүүчү-майлоочу материалдарды, алкоголдук продукция, тамеки продукциясы, кант камтыган суусундуктар), ошондой эле дары-дармек каражаттары жана медициналык буюмдар үчүн. Ошол эле учурда төмөндөтүлгөн бирдиктүү салык ставкасы боюнча катталган ишкерлер жана өзгөчө режимдеги соода зонасында иштеген салык төлөөчүлөр үчүн кант камтыган суусундуктар боюнча ЭТТК баскычтуу киргизүүнү;
- Бардык башка товарларды жеткирүүдө ЭТТК милдеттүү түрдө тариздөө. Бул талап өндүрүүчүлөргө, импортёрлорго, ири жеткирүүчүлөргө жана дистрибьюторлорго тиешелүү болуп, төмөндөтүлгөн бирдиктүү салык ставкасы (0 %, 0,1 %, 0,5 % жана 1 %) боюнча катталган ишкердик субъекттерине, ошондой эле өзгөчө режимдеги соода зонасында иштеген салык төлөөчүлөргө карата колдонууну камтыйт.
Ошол эле учурда, салык төлөөчү өз тандоосу боюнча товарларды мындан аркы сатууда кагаз түрүндөгү эсеп-фактураны же сатып алуучуга чыгымдарга киргизүү укугун берүүчү электрондук эсеп-фактураны колдонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.
Эгерде товарлар базар аймагында иш жүргүзгөн субъекттер тарабынан башка субъекттерге сатылса, анда салык төлөөчү өз тандоосу боюнча жеткирүүнү кагаз же электрондук эсеп-фактура менен тариздөөгө укуктуу. Ал эми товарлар калкка сатылган учурда контролдук-кассалык машина (ККМ) колдонулат.
Токтом долбоорун талкуулоо
2025-жылдын 6-февралында КР ЭКМ аянтчасында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү менен ишкердик субъекттеринин кезектеги отуруму өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө бизнес-коомчулук токтом долбоору боюнча кошумча сунуштарын, анын ичинде ЭТТК системасын техникалык жактан өркүндөтүүгө байланыштуу сунуштарын билдирди.
Министрлик токтом долбоору 2025-жылдын 21-январында Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун Бирдиктүү порталында (шилтеме) жайгаштырылганын эскертет.
Сунуштарды кантип жөнөтсө болот
Коомдук талкуулоо процедурасынын алкагында ишкердик субъекттери расмий сунуштарын төмөнкү жолдор менен жөнөтө алышат:
- Электрондук почта аркылуу: mail@mineconom.gov.kg
- Коомдук талкуулоо порталы аркылуу: (шилтеме)
Байланыш маалыматы
Кошумча суроолор пайда болгон учурда, Министрликтин салык саясаты бөлүмүнүн жетекчи адиси С. Саиповго кайрылууну өтүнөбүз. Байланыш маалыматтары: 62-05-35 (+254).