2025-жылдын 10-февралында Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Соода өкүлчүлүгү “Анкара зергерлер жана саатчылар палатасынын” төрагасы Тимучин Сөнмез менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушууда зергер буюмдарын өндүрүү, өндүрүштөгү технологиялык жабдыктар жана эки өлкөнүн зергерчилик рыногу боюнча пикир алышуу болду.
Жолугушуунун жыйынтыгында жакын арада Кыргызстандан келе турган өнөр жайды өнүктүрүү боюнча жумушчу топ менен биргеликте Түркиянын зергер буюмдарын өндүрүүдө колдонулган технологияларын Кыргызстанга тартуу максатында жолугушуу өткөрүү пландалды. Ошондой эле Кыргызстандын зергерчилик тармагында сунушталган жеңилдиктер (преференциялар) боюнча презентация көрсөтүлмөкчү.
Азыркы учурда Түркия Республикасында жалпы 200 000 зергерчилик компаниясы бар, анын ичинен 2500ү Анкара шаарында жайгашкан.