Монополияга каршы жөнгө салуу кызматында кадрдык өзгөрүүлөр болду

Новости
10-Февраль 2025-ж.
629
2025-жылдын 10-февралында #КРЭКМ караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматында кадрдык өзгөрүүлөр болду.
Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков жаңы дайындалган төраганын орун басарларын эмгек жамаатына тааныштырды.
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Конституциялык мыйзамынын 18-беренесине ылайык, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасынын орун басарлары болуп төмөнкүлөр дайындалды:
•  Муратбек Иманкулов
•  Сыргак Оморов
Тааныштыруу учурунда Кызматтын негизги иш багыттары, анын ичинде адилеттүү атаандаштыкты камсыздоо, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана Кыргыз Республикасындагы Монополияга каршы мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө маселелери баса белгиленди.edited 16:59



Онлайн кайрылуу