#КРЭКМ Бакыт Сыдыков элчилер менен кыргыз-британ жана кыргыз-швейцария кызматташтыгынын маанилүү маселелерин талкуулады.

Новости
10-Февраль 2025-ж.
499

2025-жылдын 7-февралында Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Улуу Британиянын Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Николас Боулер жана Швейцария Конфедерациясынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Оливье Бангертер менен жолугушууларды өткөрдү.
Жолугушуулардын жүрүшүндө өлкөлөр ортосундагы экономикалык жана инвестициялык кызматташтыктын негизги маселелери талкууланды.
Тараптар эки тараптуу мамилелерди чыңдоонун жана Кыргызстандын экономикасынын андан ары өсүшүнө багытталган биргелешкен долбоорлорду өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти. Ушул алкакта, координацияны жакшыртуу жана демилгелерди илгерилетүү боюнча биргелешкен иш-чараларды өткөрүү мүмкүнчүлүктөрү, анын ичинде өкмөттөр аралык комиссиянын алкагындагы кызматташтык маселелери каралды.
Айрыкча, Кыргыз Республикасынын 2030-жылга чейин өнүгүү боюнча Улуттук программасын иштеп чыгууга өзгөчө көңүл бурулду. Бул программа жогорку потенциалга ээ тармактарды өнүктүрүүгө багытталган, атап айтканда: жеңил жана кайра иштетүү өнөр жайы, тоо-кен тармагы, айыл чарбасы, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жана туризм. Бул тармактар экономикалык өсүш үчүн келечектүү болуп саналат жана инвестицияларды тартууга чоң мүмкүнчүлүк түзөт.
Жолугушуулардын жыйынтыгында тараптар мындан ары да активдүү кызматташууга жана экономикалык байланыштарды чыңдоого багытталган конструктивдүү диалогду улантууга даярдыгын билдиришти.

Онлайн кайрылуу