#КРЭКМ эскертет: 2025-жылдын 1-январына чейин киргизилген унаалар гана легалдаштырылууга тийиш

Новости
07-Февраль 2025-ж.
534

Кыргыз Республикасынын Президентинин Указына ылайык, Министрлер Кабинетине аталган Указдын негизинде нормативдик-укуктук актыларды иштеп чыгуу тапшырылды. Учурда бул багытта ведомстволор аралык комиссия иштеп, тиешелүү сунуштарды даярдап, аларды Министрлер Кабинетинин кароосуна жөнөттү. Иштелип жаткан нормативдик-укуктук актылардын негизги пункттарынын бири – легалдаштырууга 2025-жылдын 1-январына чейин Кыргыз Республикасынын аймагына киргизилген гана автотранспорттук каражаттар тиешелүү болот. Мындан тышкары, документте төмөнкү чаралар каралган: Мамлекеттик алым төлөө тартибинде ишке ашырылат; Легалдаштырылган унааларды сатууга жана үчүнчү жактарга ишеним кат аркылуу өткөрүүгө тыюу салынат; Транспорт каражатынын техникалык паспортунда көрсөтүлбөгөн адамдарга аны башкарууга уруксат берилбейт. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги жарандарды жана автодилерлерди эскертет, бул Указдын жоболору 2025-жылдын 1-январына чейин өлкөгө киргизилген гана унааларга тиешелүү. Көрсөтүлгөн мөөнөттөн кийин оң рулдуу автоунааларды алып келүүнү пландаган жарандар алар легалдаштыруу механизмине кирбей турганын эске алышы керек. Ошондой эле, Министрлик жарандарды укук белгилөөчү документтери жок же шектүү келип чыгышы бар автотранспорт каражаттарын сатып алуудан баш тартууга чакырат. Легалдаштыруу жараяны 2025-жылдын 1-мартынан тартып башталат.

Онлайн кайрылуу