GIZ долбоорунун Координациялык кеңешинин жыйыны: фокусиа санариптештирүү жана регионалдык соода

Новости
07-Февраль 2025-ж.
487

2025-жылдын 6-февралында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде GIZ «Борбор Азияда соода жол-жоболорун жеңилдетүү» долбоорунун Координациялык кеңешинин жыйыны өтүп, мамлекеттик органдардын жана бизнес өкүлдөрү демилгени ишке ашыруунун негизги аспектилерин талкуулашты. Жыйында негизги басым 2024-жылдын жыйынтыктарына жана 2025-жылга карата пландарга жасалды. Катышуучулар соода операцияларын тездетүү үчүн санариптик чечимдерди киргизүү, регионалдык тоскоолдуктарды жоюу жана тышкы экономикалык ишмердүүлүккө катышкан тараптардын компетенциясын жогорулатуу маселелерин талкуулашты. GIZ тарабынан ишке ашырылып жаткан бул долбоор регион аралык сооданы жеңилдетүүгө жана анын жол-жоболорун санариптештирүүгө багытталган. Жүк ташуулардын көлөмүнүн өсүшү жана тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн кеңейиши менен долбоордун максаттары административдик жол-жоболордон алда канча кеңири болуп, Борбор Азиядагы соода маршруттарын санариптештирүү жана интеграциялоо стратегияларын камтыйт. Жыйындын жыйынтыгында 2025-жылга карата артыкчылыктуу багыттар аныкталды. Алардын катарында – санариптик соода инструменттерин өнүктүрүү, логистикалык чынжырчалардын ачык-айкындуулугун жогорулатуу жана бажы жол-жоболорун шайкеш келтирүү боюнча чараларды ишке ашыруу.

Онлайн кайрылуу