Кыргызстанда текстиль жана тигүү продукциялары үчүн сыноо лабораториясын ачуу пландалууда

Новости
07-Февраль 2025-ж.
288

Бүгүн, 7-февралда, #КРЭКМ Экономика жана коммерция министрлигинин, «КыргСерт» ЖЧКсынын жана Кытайдын «Xinjiang Tianyu Engineering Testing» Co., Ltd. компаниясынын ортосундагы үч тараптуу өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюлду.  Бул документ өнөктөштүк мамилелерди түзүүгө жана узак мөөнөттүү, натыйжалуу жана өз ара пайдалуу кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган. Ошондой эле, ал текстиль жана тигүү продукциялары үчүн эл аралык стандарттарга жооп берген сыноо лабораториясын түзүү боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашырууну камтыйт. Лабораториянын ишмердүүлүгү төмөнкүлөрдү камсыз кылат: - текстиль продукцияларын эл аралык жана улуттук сапат стандарттарына шайкештигин сыноодон өткөрүү; - керектөөчүлөрдүн ден соолугу жана айлана-чөйрө үчүн коопсуздугун тастыктаган сертификаттарды берүү; - тигүү тармагынын ишканаларына продукциянын сапаты жана коопсуздугу боюнча консалтингдик кызматтарды көрсөтүү; - өндүрүш ишканаларында эл аралык сертификаттоо стандарттарын киргизүүгө көмөк көрсөтүү. Бул долбоор Кыргызстандын текстиль жана тигүү өнөр жайы үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, ата мекендик продукциянын дүйнөлүк рынокто атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга жана экспорттун өсүшүнө шарт түзөт.

Онлайн кайрылуу