Чоро Сейитов Кыргыз Республикасына эгемендүү кредиттик рейтинг ыйгаруу маселесин Standard & Poor’s агенттиги менен талкуулады

Новости
06-Февраль 2025-ж.
151

2025-жылдын 5-февралында КР экономика жана коммерция  министринин биринчи орун басары Чоро Сейитовдун төрагалыгы алдында Standard & Poor’s эл аралык рейтингдик агенттигинин аналитиктери менен Кыргыз Республикасына эгемендүү кредиттик рейтинг ыйгаруу маселеси боюнча жолугушуу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө министрдин биринчи орун басары аналитиктерди Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги көрсөткүчтөрү жана жүргүзүлгөн реформалар менен тааныштырды.

Өз сөзүндө ал 2023-жылы тарыхый босого ашылганын белгилеп, өлкөнүн ИДӨсү 1 трлн 228 млрд 900 млн сомго жеткенин, өсүү темпи 6,2% түзгөнүн билдирди.

Кыргыз Республикасынын 2024-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүү жыйынтыктары экономикалык өсүштүн 2022-2023-жылдары башталган тенденциясын улантып жатканын көрсөттү.

Жолугушуунун соңунда министрдин биринчи орун басары Чоро Сейитов конструктивдүү диалог үчүн катышуучуларга ыраазычылык билдирип, Standard & Poor’s рейтингдик агенттиги менен мындан аркы кызматташууга даяр экенин белгиледи.

Рейтингдик агенттиктин кызматкерлерине негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөр, санариптик өнүгүү тармагындагы реформалар, соода-экономикалык кызматташтык, чет элдик инвестицияларды тартуу боюнча маалыматтар берилди. Ошондой эле жер казынасын пайдалануу, энергетика жана статистика маселелери талкууланды.

Визиттин алкагында аналитиктер өлкөнүн министрликтери жана ведомстволору менен бир катар жолугушууларды өткөрүп, эл аралык каржы институттары жана чет мамлекеттердин өкүлчүлүктөрү менен жолугушууларды өткөрүү пландалууда.

Онлайн кайрылуу