Муздаткыч жабдуулары тармагында Кыргыз-Өзбек кызматташтыгы

Новости
06-Февраль 2025-ж.
507

2025-жылдын 6-февралында Ташкент шаарында, #КРЭКМ караштуу Кыргыз Республикасынын Өзбекстандагы Соода өкүлчүлүгү ритейл жана HoReCa үчүн муздаткыч витриналардын алдыңкы өндүрүүчүсү болгон «AZN» заводуна барды.

Иш сапардын жүрүшүндө Соода өкүлчүлүкпродукциянын ассортименти, ошондой эле ишкананын технологиялык мүмкүнчүлүктөрү менен таанышты. «AZN» заводу ири супермаркеттер үчүн муздаткыч витриналарды жана жабдууларды гана чыгарбастан, Өзбекстандагы чет элдик ресторан франшизалары үчүн витриналардын жалгыз өндүрүүчүсү болуп саналат.

Соода өкүлчүлүктүн эксперти Бакай Акбаралиев биргелешкен ишкананы түзүү Кыргызстанда муздаткыч жабдууларын өндүрүүнү өнүктүрүү, инвестицияларды тартуу жана ритейл менен HoReCa секторуна заманбап технологияларды киргизүү үчүн маанилүү кадам болушу мүмкүн экенин белгиледи.

Заводдун жетекчилиги Кыргызстандын рыногуна чыгууга кызыкдар экендигин билдирип, Кыргыз Республикасынын аймагында биргелешкен ишкана ачууну келечектүү деп эсептейт.

Онлайн кайрылуу