Техника-экономикалык кызматташтык алкагында Кытай Кыргызстандагы саламаттык сактоо объектилерин заманбап медициналык жабдуулар менен камсыздоого колдоо көрсөтөт

Новости
05-Февраль 2025-ж.
285

Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы эки тараптуу техникалык-экономикалык жардам долбоорлорун ишке ашыруу боюнча кызматташтыктын алкагында, Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков менен Кытай Эл Республикасынын Эл аралык кызматташтык жана өнүгүү боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Ло Чжаохуэй Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кытай Эл Республикасынын жардам көрсөтүүсүнүн алкагында Ош шаардык ооруканасына жана Президенттик ооруканага медициналык жабдууларды жеткирүү долбоору боюнча алмашуу каттарына кол коюшту.

Долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүндө 14 даана жогорку технологиялуу медициналык жабдуулар жеткирилет жана орнотулат. Көрсөтүлгөн медициналык мекемелерге заманбап жабдууларды киргизүү диагностикалык процессти ылдамдатууга, медициналык корутундулардын тактыгын жогорулатууга, ошондой эле амбулатордук-диагностикалык бөлүмдөрдүн, хирургиялык жана терапиялык профилдеги стационардык бөлүмдөрдүн, аталган оорукалардын операциялык блокторунун сапаттуу иштешин камсыз кылууга мүмкүндүк берет.

Алмашуу каттарына 2025-жылдын 5-февралында Пекин шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Кытай Эл Республикасына мамлекеттик иш сапарынын алкагында кол коюлду.

Онлайн кайрылуу