Кыргызстан менен Кытай техникалык-экономикалык жардам долбоорлорун ишке ашыруу боюнча кызматташтык алкагында эки тараптуу документтерге кол койду

Новости
05-Февраль 2025-ж.
548

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Кытай Эл Республикасына мамлекеттик иш сапарынын алкагында, 2025-жылдын 5-февралында, Пекин шаарында Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков менен Кытай Эл Республикасынын Эл аралык кызматташтык жана өнүгүү боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Ло Чжаохуэй Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы бир катар эки тараптуу документтерге кол коюшту.

Кол коюлган документтердин арасында Ош жана Бишкек шаарларындагы медициналык мекемелерге жогорку технологиялуу медициналык жабдууларды жеткирүү долбоорун ишке ашыруу боюнча алмашуу ноталары менен Кыргыз Республикасынын сот системасы тармагындагы жана лабораторияларга жардам көрсөтүү долбоорун ишке ашыруу боюнча макулдашуулар кирет.

Ошондой эле, тараптар Кыргыз-кытай чек арасындагы көзөмөл-өткөрүү пункттарынын инфраструктурасын өнүктүрүү жана кызматташтыкты илгерилетүү боюнча өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол коюшту.

Бул Меморандумдун алкагында тараптар кыргыз-кытай чек арасындагы көзөмөл-өткөрүү пункттарынын инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча кызматташтыкты биргелешип илгерилетет. Айрыкча, «Бедель» КѲП курулушуна өзгөчө көңүл бурулат. Бул өз кезегинде экспорттук потенциалды жогорулатууга, товар жүгүртүүнүн өсүшүнө жана Кыргызстан менен Кытайдын соода-экономикалык байланыштарын тереңдетүүгө оң таасирин тийгизет.

Онлайн кайрылуу