КР менен КЭР ортосунда топтук туристтик сапарларды жеңилдетүү жөнүндө Меморандумга кол коюлду

Новости
05-Февраль 2025-ж.
548

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Кытай Эл Республикасына болгон мамлекеттик иш-сапарынын алкагында, 2025-жылдын 4-февралында Пекин ш., Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин ортосунда эки өлкөнүн топтук туристтик сапарларын жеңилдетүү жөнүндө өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол койду.

Бул Меморандум Кыргыз Республикасында туристтик тармакты өнүктүрүүгө, инвестицияларды тартууга жана экономикалык өсүшкө дем берүүгө, эки өлкөнүн топтук туристтик агымдары үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө өбөлгө түзөт. Мындан тышкары, Меморандум Кытай Эл Республикасына өздөрүнүн топтук туристтик топторун расмий түрдө Кыргыз Республикасына жөнөтүүгө мүмкүндүк берет.

Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын туристтик чөйрөсүнүн ортосунда активдүү кызматташуу жүрүп, биргелешкен туристтик маршруттар түзүлүүдө. 

Ошону менен бирге, 2024-жылы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынын өткөрүү пункттары аркылуу Кытай Эл Республикасына келген жарандардын саны 127 миң 956 адамды түздү (Кыргыз Республикасына Кытай Эл Республикасынан келген жарандардын саны 56 % га көбөйүшү байкалууда). Ал эми 2023-жылы бул көрсөткүч 70 миң 842 адам болгон.

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосунда туризм чөйрөсүндөгү кызматташтыкты бекемдөө боюнча активдүү иштер жүргүзүлүүдө. Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасы Кытай Эл Республикасынан өз алдынча келген туристтер үчүн сунушталган өлкөлөрдүн тизмесине киргизилген.

Онлайн кайрылуу