2025-жылдын 4-февралында Ташкент ш. #КРЭКМ караштуу Кыргыз Республикасынын Өзбекстандагы соода өкүлчүлүгү Өзбекстандагы эң ири ишканасы «BONAF» ЖЧК компаниясынын сублимацияланган азыктарды чыгаруучу заводуна иш сапар менен барды. Иш сапардын жүрүшүндө Соода өкүлчүлүк өндүрүштүн технологиялык процесси менен таанышып, заводдун жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Талкуунун негизги темасы катары Кыргыз Республикасынан тоңдурулган мөмөлөрдү, ошондой эле сезондук мезгилде жаңы мөмөлөрдү жеткирүү мүмкүнчүлүгү болду. «BONAF» ЖЧКсынын жетекчилиги узак мөөнөттүү жана өз ара пайдалуу кызматташтык үчүн негиз боло ала турган кыргыз продукциясынын жогорку сапатын белгиледи. Соода өкүлчүлүк Өзбекстандын рыногунда кыргыз өндүрүүчүлөрүнүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча активдүү иштерди улантууда. Маалымат үчүн: Сублимацияланган азыктар - бул терең тоңдурулган процесстен өткөн, андан кийин вакуумда нымдуулукту алып салган тамак-аш азыктары. Бул ыкма даамын, пайдалуу касиеттерин жана узак сактоо мөөнөтүн сактап калат, бул аларды тамак-аш өнөр жайында, чекене соодада жана HoReCaда суроо-талапка ээ кылат.