#КРЭКМ Дүйнөлүк Банктын өнүгүү боюнча отчету талкууланды

Новости
04-Февраль 2025-ж.
443

2025-жылдын 4-февралында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин аянтчасында Дүйнөлүк Банктын 2024-жылдагы дүйнөлүк өнүгүү боюнча отчету мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда талкууланды. 

  Иш-чаранын алкагында экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары Чоро Сейитов өлкөнүн орто мөөнөттүү экономикалык өнүгүүсүнүн артыкчылыктуу багыттарын ишке ашыруу боюнча көз карашын жана пландарын баяндады. 

  2024-жылдагы дүйнөлүк өнүгүү боюнча отчет орто кирешелүү өлкөлөр үчүн туруктуу экономикалык өсүш концепциясын сунуштайт. 

Анда акыркы 50 жыл ичинде өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн жетишкендиктери жана кыйынчылыктары талданып, жаңы деңгээлге чыгуу үчүн үч баскычтуу ыкма сунушталган: инвестициялар, жаңы технологияларды ишке киргизүү жана инновациялар.  

 Ошондой эле, Дүйнөлүк Банктын өкүлдөрү тарабынан «Жаңы чокуларга: 

Европа жана Борбор Азияда жогорку кирешеге жетүү үчүн өсүү» аттуу аймактык отчет сунушталды.

 Анда аймактагы өлкөлөрдүн экономикалык өнүгүүсү талданып, өсүштү тездетүү боюнча сунуштар берилген.   

Отчетту талкуулоонун алкагында тараптар инклюзивдүү жана туруктуу экономикалык өсүштү илгерилетүү боюнча практикалык сунуштарга байланышкан актуалдуу маселелерди карашты.  

 Иш-чара конструктивдүү маанайда өтүп, министрликтин өлкөнүн экономикалык максаттарына жетишүү үчүн эл аралык эксперттик коомчулук менен тыгыз кызматташууга умтулуп жатканын дагы бир жолу тастыктады. 

Онлайн кайрылуу