Бишкекте, 2025-жылдын 31-январында, БУУнун Адам укуктарынын алкагында ишкердик жүргүзүү боюнча Жетектөөчү принциптерин ишке ашыруу программасынын (2027-жылга чейин) бет ачары өттү.
Иш-чарага мамлекеттик органдардын, бизнес-коомчулуктун, эксперттик чөйрөнүн жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.
Кыргызстан Борбор Азияда жана КМШда бул программаны расмий түрдө кабыл алган алгачкы өлкө болуп саналат.
Анын негизги максаты – ишкердик чөйрөдө жоопкерчиликти күчөтүү, инвестициялык жагымдуулукту жогорулатуу жана жарандардын укуктарын коргоо.
Экономика жана коммерция министринин орун басары Гюльшат Асылбаева иш-чарада сөз сүйлөп, Программанын жүзөгө ашырылышы өлкөдөгү мамлекеттик органдар, бизнес жана жарандык коомдун ортосундагы өнөктөштүктү бекемдөөгө чоң өбөлгө түзөрүн белгиледи.
Программа төмөнкү багыттарды камтыйт:
-көмүскө экономиканын деңгээлин азайтуу,
-социалдык жактан аялуу катмарлардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү,
-корпоративдик жоопкерчилик принциптерин сактаган ишканаларды колдоо.
Программаны ишке ашыруу боюнча иштер уланууда.
Мамлекеттик органдар, бизнес жана жарандык коом биргеликте иш алып барып, өлкөдө ачык-айкын жана туруктуу экономикалык өнүгүү үчүн шарттарды түзүүгө аракет көрүүдө.