Бакыт Сыдыков: "Биз аялдар өз жөндөмдөрүн ачып, өлкө экономикасына салым кошо ала турган чөйрөнү өнүктүрүүнү улантышыбыз керек"

Новости
04-Февраль 2025-ж.
357

2025-жылдын 2-февралында Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Women in Tech Kyrgyzstan 2025 эл аралык форумуна катышты.  

 Өз сөзүндө министр санариптик трансформациядагы аялдардын лидерлигинин маанисин белгилеп, IT жана ишкердик тармагында аялдарды колдоого багытталган негизги демилгелерге токтолду. 

 «IT тармагындагы аялдар гендердик стереотиптерди бузуп, креативдүү экономиканын өнүгүшүнө жана инновациялык чечимдерди ишке ашырууга салым кошууда. 

Жаңы технологияларды иштеп чыгууга аялдардын катышуусу канчалык көбөйсө, кеңири аудиториянын муктаждыктарын эске алган уникалдуу чечимдердин жаралуусу ошончолук ыктымал», — деп баса белгиледи Бакыт Сыдыков. 

 Министр ошондой эле аялдарды ишкердикте колдоо боюнча мамлекеттик чаралар жөнүндө айтып, аялдардын ишкердигин өнүктүрүү программасы, Креативдүү индустриялар паркынын түзүлүшү жана 2011-жылдан бери IT секторунун өсүшүнө түрткү берген Жогорку технологиялар паркы тууралуу маалымат берди. 

 «Бүгүнкү күндө IT жөн гана инновациялар тармагы эмес, бул – аялдардын өз потенциалын ишке ашырып, адамдардын жашоосуна оң таасирин тийгизе турган долбоорлорду түзүүгө мүмкүнчүлүк.

 Биз аялдар өз жөндөмдөрүн ачып, өлкө экономикасына салым кошо ала турган чөйрөнү өнүктүрүүнү улантышыбыз керек», — деди министр.  Women in Tech Kyrgyzstan 2025 форуму бизнес, IT-компаниялар, мамлекеттик органдар жана билим берүү мекемелеринин өкүлдөрүн бир аянтчага чогултуп, технологиялык сектордогу аялдардын лидерлигин өнүктүрүү стратегияларын талкуулоо үчүн өткөрүлдү.  

Онлайн кайрылуу