Кыргызстан менен Түркия жарандык авиация тармагында кызматташтыкты күчөтүүдө

Новости
03-Февраль 2025-ж.
114

2025-жылдын 31-чи январында  Стамбул шаарында #КРЭКМ Түркиядагы соода өкүлү Чынгыз Токтобеков жана “Кыргызстан аэропорттору” ААК жетекчилиги дүйнөдөгү ири авиакомпаниялардын бири – Turkish Airlines компаниясынын Директорлор кеңешинин жана аткаруу комитетинин төрагасы Ахмет Болат менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы авиациялык байланыштарды өнүктүрүү, кызматташтыкты кеңейтүү жана келечектеги пландар талкууланды. Ошондой эле Кыргызстандын аэропортторунун инфраструктурасын жакшыртуу, жүргүнчүлөргө кызмат көрсөтүү сапатын жогорулатуу жана эки өлкөнүн ортосунда туризм менен бизнес секторлорун өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен долбоорлор боюнча пикир алышуу болду.

“Кыргызстан аэропорттору” ААК ири түрк авиакомпаниялары менен кызматташтыкты тереңдетүүгө кызыкдар экендигин белгиледи. Бул демилге өлкөнүн авиация тармагына оң таасирин тийгизип, Кыргызстандын эл аралык транспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө көмөкчү болот.

Онлайн кайрылуу